Ломбарддардын уставдык капиталы 70 млн сомдон жогору болот

Ломбарддардын уставдык капиталы 70 млн сомдон жогору болот

Экономика жана коммерция министрлиги 2026-жылдын 1-июлунан тарта ломбарддардын минималдык капиталы 7 млн сомдон кем эмес болушу керек деген талапты бекитүүнү сунуштады. 

 Аталган ведомствонун билдиришинче ломбарддардын уставдык капиталын көбөйүшү алардын төлөө жөндөмүн жогорулатып, потенциалдык чыгымдарды жабуусун жакшыртат. Жана бул мамлекеттин ломбард рыногун натыйжалуу көзөмөлдөөгө, көмүскө схема менен күрөшкөнгө шарт түзөт. 

 Муну менен катар Экономика министрлиги уставдык капиталды этап этабы менен жогорулатууну сунуштап жатат:
 - 2027-жылдын 1-июлунан тарта – 14 млн. сомдон кем эмес;
- 2028-жылдын 1-июлунан тарта – 20 млн сомдон кем эмес. 

 Салыштыруу үчүн алсак башка өлкөлөрдө ломбарддардын уставдык капиталы жогору. Алсак: 

 -       Россияда – 98,9 млн сом;

-       Казакстан – 8,1 млн сом;

-       Өзбекстан – 3,6 млн сом. 

Министрликтин маалымдашынча, ири, туруктуу жана ачык ломбарддардын пайда болушу финансы рыногунун өнүгүшүн күчөтөт. 

 

Мындан тышкары окуңуз

Россиянын мунай жана газ кирешеси 420 млрд рублге чейин азаят

Россиянын мунай жана газ кирешеси 420 млрд рублге чейин азаят

Reuters агенттигин Россиянын бюджетине мунайдан жана газдан түшкөн киреше 420 млрд рублди түзүп, былтыркы жылдын ушул январь айына салыштырмалуу 46%га азаярын билдирди. Бул көрсөткүч 2020-жылдын август айынан берки эң төмөнкү деңгээл. Ал учурда коронавирус пандемиясына байланыштуу күйүүчү майга болгон суроо-талап кескин төмөндөгөн. Учурда муна менен жаратылыш газынын кирешеси Россиянын

Папан чакан ГЭСинин курулушу уланууда

Папан чакан ГЭСинин курулушу уланууда

Ош облусунун Кара-Суу районунда кубаттуулугу 27 МВт болгон "Папан" чакан гидроэлектр станциясынын курулушу улантылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Учурда төмөнкү иштер аткарылды: * Гидроэлектр станциясынын имараттары курула турган аймакка чейинки узундугу 8 чакырымды түзгөн убактылуу жол курулду; * Папан суу сактагычынын чөйчөгүндө суу алуучу курулманы куруу үчүн

Ошто көп кабаттуу турак үйдүн курулушу текшерилип, эскертүү берилди

Ошто көп кабаттуу турак үйдүн курулушу текшерилип, эскертүү берилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, өлкө аймагындагы курулуш объектилери боюнча рейддик иш-чаралар уюштурулууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чаранын алкагында Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине караштуу Ош региондук башкармалыгынын инспекторлору Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы 12 кабаттуу турак жайдын курулушунда бир катар техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгын

Өлкөгө 21,5 миң тонна жер семирткич алып келинди

Өлкөгө 21,5 миң тонна жер семирткич алып келинди

2026-жылы республиканын айыл чарба тармагына жалпы 182,8 миң тонна минералдык жер семирткичтер талап кылынат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул көлөмдүн ичинде азоттук жер семирткичтер жазгы талаа иштерине 96,2 миң тонна, фосфордук — 71,5 миң тонна, калийдик — 15,2 миң тонна түзөт. 2026-жылдын 20-январына карата