Атайын долбоор алкагында ишкерлерге 9 млрд 435 млн 925 миң сом үстөк пайызсыз насыя берилди

Атайын долбоор алкагында ишкерлерге 9 млрд 435 млн 925 миң сом үстөк пайызсыз насыя берилди

 “Чакан жана орто ишканаларды ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында ишкерлер 9 млрд 435 млн 925 миң сом үстөк пайызсыз насыя алышканын “Биринчи радио” эфиринде Финансы министрлигинин насыялык линияларды башкаруу бөлүмүнүн директору Бермет Мусакожоева билдирди.

Анын айтымында, долбоордун ишке кирген мезгилинен тартып 2025-жылдын октябрына чейин 11 821 ишкер финансылык жардам алышкан. 

Анын ичичнде 1-категория боюнча (1 миллион сомго чейин) 9 630 ишкерге  5 млрд 752 млн сом берилген. 2-категория (3 миллион сомго чейин) боюнча  2 191 ишкер 3 млрд 703 млн сом алган. 

Мусакожоеванын билдиришинче, бул жерде аял-ишкерлерге өзгөчө акцент жасалып, 6 949 аялга жалпы 4 млрд 964 млн сом үстөк пайызсыз насыя берилген. 

“Мындай каржылоо бардык региондордо жүрүп жатат. Ош облусу менен Бишкек пайызсыз насыя алуу боюнча ай сайын алдыга чыгып жатат. Ошондой эле Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустары да бул жагынан башка региондорго салыштырмалуу алдыда келатат”,-дейт Б.Мусакожоева. 

Буга улай ал “Чакан жана орто ишканаларды ыкчам колдоо” долбоору 2021-жылы мартта ишке киргенин жана анын башкы максаты бизнеске катаал учурда жардам берүү болгонун кошумчалады.  

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу