Фискалдык программа киргизилгенден кийин кафе-ресторандардын кирешеси 744%га өстү

Фискалдык программа киргизилгенден кийин кафе-ресторандардын кирешеси 744%га өстү

Мамлекеттик салык кызматы коомдук тамактануу жайларына фискалдык программалык камсыздоону (ФПК) киргизүү боюнча пилоттук долбоор жүргүзүп жатат. Азырынча долбоорго 546 ишкана катышууда, аларда жалпы 880 программа орнотулган. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Жаңы система киргизилгенден кийин көпчүлүк кафе жана ресторандардын күнүмдүк түшүүлөрү бир нече эсеге өскөнү байкалган. Мисалы, бир кафенин орточо күнүмдүк кирешеси мурда 45,5 миң сом болсо, система орнотулгандан кийин 338,3 миң сомго жеткен. Бул — 744% өсүш дегенди билдирет.

Ишкерлер жаңы программа менен иштөө отчет берүү жана кассаны тейлөө иштерин жеңилдеткенин белгилешүүдө.

Салык кызматы бул система бизнес үчүн да, мамлекет үчүн да пайдалуу экенин айтып, аны өлкө боюнча кеңейтүүнү пландап жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу