Талас төө буурчагын экспорттоодо логистикалык көйгөй бар

Талас төө буурчагын экспорттоодо логистикалык көйгөй бар

“Кыргыз Агрохолдинг” ААКсы менен “Алтай Агро” ЖЧК 100 млн сомго Таластын дыйкандарынан 95 сомдон төө буурчак сатып алып жатканын “Кабар” агенттигине “Алтай Агро” ишканасынын директору Эрбол Замирбеков билдирди.

“Дыйкандарга колдоо көрсөтүү жана бааларды туруктуу кармоо максатында төө буурчак 95 сомдон сатып алынып жатат. Төө буурчакты биз кайра иштетүүдөн өткөрүп, таңгактап экспортко чыгарабыз. Бүгүнкү күндө Иран, Өзбекстан, Россия, Индия жана башка мамлекеттерге төө буурчакты экспорттоо боюнча келишимдерибиз бар. Биз жогоруда айтып кеткен 100 млн сом суммасындагы каражаттан тышкары да жеке акчабызга төө буурчакты сатып алып жатабыз”, - деди ал.

“Келишимдер бар, алуучу бар, бирок логистикада маселе жаралып жатат. Логистика маселесин айтсак, бул Казакстан менен Россиянин ортосундагы тыгындар, мындан тышкары Иранга продукцияны жеткирүүгө жүк ташуучу унаалар болсо да, кымбатка туруп жатат”, - дейт Эрбол Замирбеков.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу