Насыялык колдоо программасына Аксы, Алай райондорунан катышуучулар жок
 
    Аксы жана Алай райондорунда бизнести насыялык колдоо мамлекеттик программасына катышууга арыз берген ишкер каттала электигин Финансы министрлигинин Ишкерликти өнүктүрүү фондунун кредиттик бөлүмүнүн жетекчиси Чыңгыз Сакенов билдирди.
Анын айтымында, программага катышуу үчүн ишкер сайт арыклуу өз алдынча арыз бериши керек. Арызды онлайн тапшырса болот. Ал үчүн ишкер аты-жөнүн, телефон номерин жана алуучу насыянын суммасын жазып коюу жетиштүү. Мындан соң фонд кызматкерлери арыз берүүчү менен байланышып, андан аркы ишти улантып кетет.
Буга улай Ч.Сакенов программага катышуу үчүн жеке байланыш, рекомендация же тааныштын кереги жок. Бирок арыз берүүчүлөр эмне менен алектенерин, кандай киреше булактары бар экенин жана алынган насыяны кандай максаттарга жумшарын так көрсөтүүлөрү керек.
 
             
             
             
            