Венгрия–Кыргызстан форуму: тамак-аш секторундагы инвестиция жана технологиялык кызматташтык
Бүгүн, 5-ноябрда Бишкектеги Венгрия Элчилигинде Венгрия–Кыргызстан тамак-аш өнөр жайы форуму өтүп жатат. Иш-чарага алдыңкы венгр компаниялары – Maurer Gép, Kavali жана Unimatik катышып, мөмө-жемиштерди кайра иштетүү үчүн заманбап жабдуулар менен инновациялык чечимдерди тааныштырышууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Форумдун максаты – кыргыз жана венгр ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, инвестициялык жана технологиялык байланыштарды кеңейтүү.
Иш-чарада Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору М.Чыналиев министрлик тарабынан берилчү финансылык колдоо жана ишкерлерге жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымдады.

