Чакан жана орто ишкерлик боюнча статистикалык басылма даярдалды

Чакан жана орто ишкерлик боюнча статистикалык басылма даярдалды

"Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто ишкерлик-2020-2024" статистикалык басылмасы басууга даярдалды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Басылма 2020–2024-жылдардагы Кыргызстандагы чакан жана орто ишкерликтин абалы жана өнүгүүсү тууралуу кыскача талдоону камтыйт. Анда экономикалык ишмердиктин түрлөрү, аймактар боюнча статистикалык маалыматтар, иштеген ишканалар жана жумушчулардын саны, финансы-чарбалык жана тышкы экономикалык ишмердик, ошондой эле өндүрүштүк көрсөткүчтөрү тууралуу таблицалар жана графиктер берилген.

Мындан тышкары, дыйкан чарбалар жана жеке ишкерлер тууралуу маалыматтар бар. Ишканалардын типтеринин классификатору жана көрсөткүчтөргө кыскача методологиялык түшүндүрмөлөр камтылган.

Жыйнактын электрондук версиясы колдонуучулар үчүн Улутстаткомдун расмий (www.stat.gov.kg) сайтынын "Басылмалар" бөлүмүндө жеткиликтүү: https://www.stat.gov.kg/kg/publications/sbornik-maloe-i-srednee-predprinimatelstvo-v-kyrgyzskoj-respublike/

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте миңдеген жаранга  жаңы батирлердин ачкычы тапшырылды

Бишкекте миңдеген жаранга жаңы батирлердин ачкычы тапшырылды

Бүгүн, Маликов көчөсү, 91 дарегинде жайгашкан “Мурас” турак жай комплексинен 1080 батир ээлерине тапшырылды. Тапшыруу аземине президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан билдиришти. Экинчи этапта 8 блоктон турган, жалпы 64 672 чарчы метр аянтты түзгөн батирлер берилди: * 1 бөлмөлүү – 360 батир * 2 бөлмөлүү – 432 батир * 3 бөлмөлүү

Меккеде кыргызстандык зыяратчылар үчүн акысыз мейманкана курула баштады

Меккеде кыргызстандык зыяратчылар үчүн акысыз мейманкана курула баштады

Мекке шаарында Кыргызстандын жарандары үчүн акысыз мейманкана куруу иштери башталганын жана ал жерде зыяратчылар жана студенттер жайгаша алышарын Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жүргүзүлүп жатат. Жаңы имарат Сауд Арабиясына келген кыргызстандыктардын, анын ичинде ажылык сапарга баргандардын

ИИМ жарандарды дропперликке байланышкан алдамчылыктан сак болууга чакырат

ИИМ жарандарды дропперликке байланышкан алдамчылыктан сак болууга чакырат

Ички иштер министрлиги жарандарды дропперликке байланышкан мыйзамсыз аракеттерден сак болууга чакырды. Дроппер – бул үчүнчү жактардын өтүнүчү менен өзүнүн банктык карталарын, эсептерин, электрондук капчыктарын же жеке маалыматтарын кылмыш жолу менен алынган акча каражаттарын которуу, накталай акчага айлантуу же жашыруу максатында пайдаланууга берген адам. "Жеңил киреше" сунуштары көбүнчө социалдык тармактар

Өзбекстандын алтын-валюта резерви 66,31 млрд долларга жетти

Өзбекстандын алтын-валюта резерви 66,31 млрд долларга жетти

Өзбекстандын алтын-валюта резервдери 2026-жылдын 1-январына карата 66,31 миллиард долларга жеткенин Борбордук банкы билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын декабрь айында резервдер $5,07 миллиардды түздү же 8,3%га көбөйгөн. Ал эми жыл жыйынтыгында жалпы өсүш 61%ды түзгөн. Резервдердин түзүмүндө алтын негизги орунду ээлеп келет. Алтын корунун (запастарынын) наркы 6-ай