«Альянс Алтын» Бакай-Атада калкты маалымдоо үчүн LED-экран орнотту

«Альянс Алтын» Бакай-Атада калкты маалымдоо үчүн LED-экран орнотту

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду Талас облусунун Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратынын алдына жаңы LED-экран орнотту. Бул тууралуу уюмдан билдиришти.

Экран социалдык маанилүү маалыматтарды, видеороликтерди жана жарыяларды туруктуу көрсөтүү үчүн колдонулат. Бул калкты маалымдоону жакшыртууга жана укук коргоо органдарынын ишинин ачыктыгын жогорулатууга шарт түзөт.

Ошондой эле фонддун эсебинен жылытуу системасы жаңыланып, аймакка жаңы тосмо орнотулду.

Уюмдан белгилешкендей, бул иш-чаралар кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртууга, коомдук коопсуздукту чыңдоого жана жарандарды тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Суук аба ырайына байланыштуу энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Суук аба ырайына байланыштуу энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Жарыяланган штормдук эскертүүгө жана Кыргызстандын аймагында күтүлүп жаткан суук аба ырайынын шарттарына байланыштуу энергетиктер энергетикалык объектилердин ишин күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөөгө алышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Авариялык-ремонттук запастар даярдалып, мүмкүн болгон бузулууларды тез арада жоюу схемалары иштелип чыкты. "Кыргызстан УЭС" ААКтын маалыматына ылайык, оңдоо бригадалары, транспорт жана

Бишкекте күн батареясы жана энергия сактоо тутуму менен пилоттук долбоор ишке кирди

Бишкекте күн батареясы жана энергия сактоо тутуму менен пилоттук долбоор ишке кирди

Бишкек шаарында Энергетика министрлигинин колдоосу менен күн фотоэлектр станциясын энергия сактоо тутуму (BESS) менен айкалыштырган пилоттук долбоордун бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Долбоордо: * энергия сыйымдуулугу болжол менен 200 кВт·с болгон сактоо тутуму, * кубаттуулугу 50 кВт чамасындагы күн фотоэлектр станциясы, * энергия керектөөнү санариптик башкаруу тутуму (PMS/EMS)

Таштандыны кайра иштетүүчү заводдун өнөр жай калдыктары текшерүүгө алынды

Таштандыны кайра иштетүүчү заводдун өнөр жай калдыктары текшерүүгө алынды

Министрликке караштуу Экологиялык мониторинг департаментинин адистери бүгүн Бишкек шаардык санитардык полигонунда жайгашкан таштандыларды кайра иштетүү заводуна таандык өнөр жай калдыктарынын үлгүлөрүн алышты. Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, изилдөөлөр ишкананын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо максатында жүргүзүлгөн. Мониторингдин алкагында лабораториялык анализдер төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт: азот оксиди, күкүрт оксиди, азот диоксиди, көмүртек

Кыргызстанда сууну башкаруунун жаңы санариптик системасы ишке кирди

Кыргызстанда сууну башкаруунун жаңы санариптик системасы ишке кирди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы "Суунун бирдиктүү маалыматтык системасын" (АИС ЕИСВ) иштеп чыгып, ирригация тармагындагы суу ресурстарын башкарууну санариптештирди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жаңы система сууну пландаштырууга, эсепке алууга жана мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берип, суу ресурстарын пайдалануунун ачыктыгын камсыз