"Элдик Банк" жана АӨБ 13 млн долларлык айыл чарба долбоорун колдойт

"Элдик Банк" жана АӨБ 13 млн долларлык айыл чарба долбоорун колдойт

Бүгүн "Элдик Банк" ААК Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) менен биргеликте "Кыргыз Республикасында айыл чарбасында климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү" долбоорун ишке ашырууну баштады. Бул тууралуу "Кабар" улуттук маалымат агенттиги жазды.

Долбоорду каржылоо боюнча макулдашууга "Элдик Банктын" Төрагасы Уланбек Ногаев жана АӨБнин Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву кол коюшту.

Долбоор алкагында 13 миллион АКШ долларына барабар субсидияланган кредит улуттук валютада берилет. Анын ичинен:

5 млн АКШ долларына чейин – мөмө-жемиш өндүрүүчүлөр жана жеке ишкерлер үчүн;
Мөөнөтү – 10 жыл;
Пайыздык чен – жылдык 6%.

Каражаттар жыйноо, сактоо, кайра иштетүү жана сатуу, айыл чарба жабдууларын сатып алуу, логистика жана имараттарды реконструкциялоо үчүн колдонулат. Долбоор дыйкандарга жана чакан ишкерлерге өндүрүштү көбөйтүү, сапатты жакшыртуу жана заманбап технологияларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн берет.

"Бул долбоор аркылуу дыйкандар жана кайра иштетүүчүлөр туруктуу колдоого ээ болуп, продукциянын көлөмүн жана сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышат", – деди Уланбек Ногаев. АӨБ өкүлү Чжэн Ву долбоор климаттык туруктуулукту чыңдоого жана айыл жергесиндеги жашоо шарттарын жакшыртууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Долбоордун негизги максаты – өндүрүштөн жеткирүүгө чейинки чынжырларды чыңдоо жана заманбап технологияларды колдонуу менен айыл чарбасын өнүктүрүү, ошондой эле өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу.

Мындан тышкары окуңуз

Тогуз-Торо районунда өнөр жай өндүрүшү 3,4 млрд сомдон ашты

Тогуз-Торо районунда өнөр жай өндүрүшү 3,4 млрд сомдон ашты

Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Берилген маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдагы 1 млрд 239,1 млн сомдон 2025-жылы 3

Ишкер Media
Өлкөдө жарандарга каражат топтоо боюнча маалымат берилет

Өлкөдө жарандарга каражат топтоо боюнча маалымат берилет

Бүгүн Кыргызстанда "Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө" арналган жыл сайын өтүүчү маалыматтык-билим берүү кампаниясы башталды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынан билдирди. Билдирүүгө таянсак, долбоор өлкөдө 2015-жылдан бери Улуттук банкытын координациясы астында ишке ашырылып келет. Анда тиешелүү мамлекеттик органдар, финансы институттары, КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жана камсыздандыруу

Ишкер Media
Чүйдө индустриалдык парк түзүлөт: ага 1,5 млрд сом караштыруу сунушталууда

Чүйдө индустриалдык парк түзүлөт: ага 1,5 млрд сом караштыруу сунушталууда

Кыргызстанда биринчи индустриалдык паркты түзүү жана өлкөдөгү индустриалдык парктарды өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин бул боюнча тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, “Биринчи индустриалдык парк” Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында, жалпы аянты 24,2 гектар болгон аймакта түзүлмөкчү. Долбоордун максаты

Ишкер Media
Телефон менен төлөп — Мальдив аралдарына саякат утуп ал!

Телефон менен төлөп — Мальдив аралдарына саякат утуп ал!

DemirBankтын Mastercard картасы менен Apple Pay, Google Pay же Garmin Pay аркылуу күнүмдүк сатып алууларың үчүн төлө да, эки адамга арналган Мальдив аралдарына бир жумалык саякатты утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ бол! 2026-жылдын 26-октябрынан саат 12:00дөн тартып 31-декабрдь кошо алган мезгилге чейин ар бир төлөм үчүн 100

Ишкер Media