Жеңил өнөр жай товарлары ЕАЭБ стандарттарына ылайык көзөмөлдөнөт

Жеңил өнөр жай товарлары ЕАЭБ стандарттарына ылайык көзөмөлдөнөт

Экономика жана коммерция министрлиги жеңил өнөр жай продукцияларына коюлган талаптар буюмдун түрүнө жараша Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) техникалык регламенттеринде белгиленгенин маалымдайт. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Негизги документтердин бири — ТР ТС 017/2011 “Жеңил өнөр жай продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” регламенти болуп, анда кийим-кече, бут кийим, текстиль жана башка жеңил өнөр жай товарларына карата коопсуздук талаптары көрсөтүлгөн. Алар материалдардын химиялык курамына, гигиеналык жана физикалык касиеттерине, маркалоо эрежелерине жана шайкештикти ырастоо тартибине байланыштуу талаптарды камтыйт.

Мындан тышкары, продукциянын түрүнө жараша кошумча регламенттер колдонулат:

ТР ТС 007/2011 – балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган продукциялардын коопсуздугу боюнча;
ТР ТС 019/2011 – жеке коргонуу каражаттарынын коопсуздугу боюнча.

Продукциянын коопсуздугу шайкештик жөнүндө декларация же шайкештик сертификаты аркылуу тастыкталат. Сертификат ЕАЭБдин аккредиттелген сертификация органдары тарабынан берилет, ал эми декларация өндүрүүчү же импорттоочу тарабынан катталат. Шайкештиги тастыкталган продукцияга “EAC” белгиси коюлат.

Учурда Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитация борбору тарабынан 22 сертификациялоо органы жана 9 сыноо лабораториясы аккредиттелген. Алар тууралуу кеңири маалымат www.kca.gov.kg сайтында жайгаштырылган.

Мындан тышкары окуңуз

Тогуз-Торо районунда өнөр жай өндүрүшү 3,4 млрд сомдон ашты

Тогуз-Торо районунда өнөр жай өндүрүшү 3,4 млрд сомдон ашты

Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Берилген маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдагы 1 млрд 239,1 млн сомдон 2025-жылы 3

Ишкер Media
Өлкөдө жарандарга каражат топтоо боюнча маалымат берилет

Өлкөдө жарандарга каражат топтоо боюнча маалымат берилет

Бүгүн Кыргызстанда "Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө" арналган жыл сайын өтүүчү маалыматтык-билим берүү кампаниясы башталды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынан билдирди. Билдирүүгө таянсак, долбоор өлкөдө 2015-жылдан бери Улуттук банкытын координациясы астында ишке ашырылып келет. Анда тиешелүү мамлекеттик органдар, финансы институттары, КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жана камсыздандыруу

Ишкер Media
Чүйдө индустриалдык парк түзүлөт: ага 1,5 млрд сом караштыруу сунушталууда

Чүйдө индустриалдык парк түзүлөт: ага 1,5 млрд сом караштыруу сунушталууда

Кыргызстанда биринчи индустриалдык паркты түзүү жана өлкөдөгү индустриалдык парктарды өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин бул боюнча тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, “Биринчи индустриалдык парк” Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында, жалпы аянты 24,2 гектар болгон аймакта түзүлмөкчү. Долбоордун максаты

Ишкер Media
Телефон менен төлөп — Мальдив аралдарына саякат утуп ал!

Телефон менен төлөп — Мальдив аралдарына саякат утуп ал!

DemirBankтын Mastercard картасы менен Apple Pay, Google Pay же Garmin Pay аркылуу күнүмдүк сатып алууларың үчүн төлө да, эки адамга арналган Мальдив аралдарына бир жумалык саякатты утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ бол! 2026-жылдын 26-октябрынан саат 12:00дөн тартып 31-декабрдь кошо алган мезгилге чейин ар бир төлөм үчүн 100

Ишкер Media