Салык кызматы ишкерлер менен бизнес маселелерин талкуулады

Салык кызматы ишкерлер менен бизнес маселелерин талкуулады

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлер жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү менен салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөрдү талкуулоо максатында жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлашты.

Жолугушууга Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, орун басары Кубанычбек Ысабеков, башкармалыктардын жетекчилери жана адистер катышты.

Төрага өзгөртүүлөрдүн негизги максаты — бизнес үчүн жөнөкөй, ачык жана түшүнүктүү шарттарды түзүү, административдик жүктү азайтуу жана ак ниет салык төлөөчүлөрдү колдоо экенин белгиледи. Алмамбет Шыкмаматов:
«Кабыл алынган өзгөртүүлөр бизнестин ишин жеңилдетүүгө жана ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган. Биз ачык диалогго жана пайда болгон маселелерди бирге чечүүгө даярбыз», — деди.

Жолугушуу ачык форматта өтүп, ишкерлер салык саясатын жакшыртуу боюнча суроолорун берип, сунуштарын киргизе алышты.

Мамлекеттик салык кызматы мындай жолугушууларды туруктуу негизде өткөрүп, бизнес менен мамлекеттик органдардын ортосунда ишенимдүү жана натыйжалуу кызматташтыкты бекемдөөнү улантат.

Мындан тышкары окуңуз

Тогуз-Торо районунда өнөр жай өндүрүшү 3,4 млрд сомдон ашты

Тогуз-Торо районунда өнөр жай өндүрүшү 3,4 млрд сомдон ашты

Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Берилген маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдагы 1 млрд 239,1 млн сомдон 2025-жылы 3

Ишкер Media
Өлкөдө жарандарга каражат топтоо боюнча маалымат берилет

Өлкөдө жарандарга каражат топтоо боюнча маалымат берилет

Бүгүн Кыргызстанда "Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө" арналган жыл сайын өтүүчү маалыматтык-билим берүү кампаниясы башталды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынан билдирди. Билдирүүгө таянсак, долбоор өлкөдө 2015-жылдан бери Улуттук банкытын координациясы астында ишке ашырылып келет. Анда тиешелүү мамлекеттик органдар, финансы институттары, КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жана камсыздандыруу

Ишкер Media
Чүйдө индустриалдык парк түзүлөт: ага 1,5 млрд сом караштыруу сунушталууда

Чүйдө индустриалдык парк түзүлөт: ага 1,5 млрд сом караштыруу сунушталууда

Кыргызстанда биринчи индустриалдык паркты түзүү жана өлкөдөгү индустриалдык парктарды өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин бул боюнча тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, “Биринчи индустриалдык парк” Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында, жалпы аянты 24,2 гектар болгон аймакта түзүлмөкчү. Долбоордун максаты

Ишкер Media
Телефон менен төлөп — Мальдив аралдарына саякат утуп ал!

Телефон менен төлөп — Мальдив аралдарына саякат утуп ал!

DemirBankтын Mastercard картасы менен Apple Pay, Google Pay же Garmin Pay аркылуу күнүмдүк сатып алууларың үчүн төлө да, эки адамга арналган Мальдив аралдарына бир жумалык саякатты утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ бол! 2026-жылдын 26-октябрынан саат 12:00дөн тартып 31-декабрдь кошо алган мезгилге чейин ар бир төлөм үчүн 100

Ишкер Media