Патент алган жеке жактардын салыктык каттоо процесси жеңилдетилди

Патент алган жеке жактардын салыктык каттоо процесси жеңилдетилди

Мамлекеттик салык кызматы патенттин негизинде иштеген салык төлөөчүлөр үчүн салыктык каттоо жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлгөнүн билдирет. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

29-октябрда Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Салык кызматынын электрондук системасы аркылуу патент алган жеке жак патент берилген учурдан тартып автоматтык түрдө салык органында катталат. Эми электрондук патент алууда салык органына барып, каттоодон өтүүнүн зарылдыгы жок.

Ошондой эле патенттин негизинде иштеген жеке ишкерди же жеке жакты салыктык каттоо тиешелүү аймакта патент алууда — каттоого арыз бербестен автоматтык түрдө жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, салык мыйзамдарына салык төлөөчү тарабынан патенттин негизинде ишке ашырылуучу иш-аракет, утурлама текшерүүдөн тышкары, патент колдонулган мезгил үчүн көчмө салыктык текшерүүгө жатпаган ченем киргизилген. Мында салыктык көзөмөлдүн башка формалары Салык кодексине ылайык ишке ашырылат.

Мындан тышкары окуңуз

Телефон менен төлөп — Мальдив аралдарына саякат утуп ал!

Телефон менен төлөп — Мальдив аралдарына саякат утуп ал!

DemirBankтын Mastercard картасы менен Apple Pay, Google Pay же Garmin Pay аркылуу күнүмдүк сатып алууларың үчүн төлө да, эки адамга арналган Мальдив аралдарына бир жумалык саякатты утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ бол! 2026-жылдын 26-октябрынан саат 12:00дөн тартып 31-декабрдь кошо алган мезгилге чейин ар бир төлөм үчүн 100

Ишкер Media
Ала-Бука районунда 5 жылда 51 социалдык объект курулду

Ала-Бука районунда 5 жылда 51 социалдык объект курулду

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Маалыматка караганда, Ала-Бука районунда 5 жылда жалпы 51 социалдык жана инфраструктуралык объект пайдаланууга

Ишкер Media
Жалал-Абадда 61 млн долларлык эки өндүрүш ишканасын куруу пландалууда

Жалал-Абадда 61 млн долларлык эки өндүрүш ишканасын куруу пландалууда

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жалпы наркы 61 млн АКШ долларын түзгөн эки ири өндүрүш долбоорун ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу 25-октябрда өлкө лидери Садыр Жапаровдун районго болгон иш сапарынын жүрүшүндө белгилүү болду. Маалыматка ылайык, "Глобал Эко Грин" компаниясы алма концентратын кайра иштетүү жана шире өндүрүүчү

Ишкер Media
Кыргызстан менен Катар түз абакаттамдарды ачууну талкуулашты

Кыргызстан менен Катар түз абакаттамдарды ачууну талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Катардын соода жана өнөр жай министрлигинин тышкы соода маселелери боюнча мамлекеттик министри Ахмед бин Мохаммед Аль-Саид менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. МинКабдан маалымдагандай, тараптар анда эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү келечегин талкуулашкан. Өзгөчө товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө, биргелешкен долбоорлорду

Ишкер Media