Ишкерлерге жардам берүүчү “Кыргыз Экспорт” ыкчам штабы иштей баштады

Ишкерлерге жардам берүүчү “Кыргыз Экспорт” ыкчам штабы иштей баштады

Экономика жана коммерция министрлигинде ишкерлердин кайрылууларына тез жооп берүү жана тигүү-текстиль тармагынын өкүлдөрүнө комплекстүү консультациялык колдоо көрсөтүү максатында “Кыргыз Экспорт” борборунун ыкчам штабы иштей баштады. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Ыкчам штаб министрликтин имаратынын биринчи кабатында жайгашып, күн сайын, дем алышсыз саат 9:00дөн 19:00гө чейин иштейт. Ишкерлер бул жерден экспорттук жол-жоболор, продукцияны сертификациялоо жана маркалоо, жаңы рынокторго чыгуу, ишканалардын учурдагы өндүрүш процесстерин уюштуруу жана экспорттук потенциалды жогорулатуу боюнча кеңири консультация ала алышат.

Министрликтин маалыматына ылайык, штабдын негизги максаты — мамлекет менен бизнес ортосундагы түз, ыкчам байланыш түйүнүн түзүү, ишкерлерге түшүнүктүү кадамдар менен багыт берүү жана жаралган маселелерди жедел чечүүгө көмөктөшүү.

Дареги: Абдымомунов көчөсү, 207 (Орозбеков көчөсүнөн кире бериш)
Байланыш борбору: 0550 305 305

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу