Тигүү ишканаларына салык боюнча практикалык кеңештер берилди

Тигүү ишканаларына салык боюнча практикалык кеңештер берилди

Экономика жана коммерция министрлигинде ата мекендик тигүү тармагынын өкүлдөрү үчүн тармактык бизнес-ассоциациялардын катышуусу менен практикалык семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, семинардын бир блогу салык салуу темасына арналды. Бул маселени Мамлекеттик салык кызматынын эксперттери кеңири түшүндүрүп беришти. 

Атап айтканда, төмөнкү негизги темалар козголду: 

• учурдагы салык режимдери жана талаптары; 
• чийки заттарды, жарым фабрикаттарды жана даяр продукцияны эсепке алуу;
• ЭСФ жана ЭТТНди милдеттүү электрондук документтер катары тариздөө. 

Спикерлер туура эсепке алуу жана электрондук документ жүгүртүү экспорттук рынокторго чыгуунун жана маркетплейстер менен иштөөнүн маанилүү шарты болуп саналаарын белгилешти.

Мындай окутуу семинарлар үзгүлтүксүз негизде өткөрүлүп турмакчы.

Эске сала кетсек, Экономика жана коммерция министрлигинде тигүү жана текстиль тармагынын субъекттерине үчүн комплекстүү консультациялык колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн "Кыргыз Экспорт" борборунун ыкчам штабы иштеп жатат. Штаб министрликтин имаратынын биринчи кабатында жайгашкан жана күн сайын, дем алышсыз саат 9:00дөн 19:00гө чейин иштейт. 

Дареги: Абдымомунов көчөсү, 207 (Орозбеков көчөсүнөн кире бериш)
Байланыш борбору: 0550 305 305

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу