Тигүүчүлөргө сертификациялоо жана шайкештикти ырастоо маселелери түшүндүрүлдү
Экономика жана коммерция министрлигинде тармактык бизнес-ассоциациялардын катышуусунда ата мекендик тигүү тармагынын өкүлдөрү үчүн практикалык семинар болуп өттү. Семинардын бир бөлүгү «Сертификациялоо жана шайкештикти ырастоо тартиби» темасына арналды. Бул тууралуу министрликтнн маалымат кызматынан билдиришти.
Бишкек стандартизация жана метрология борборунун (БСМБ) адистери ЕАЭБдин 017/2011 техникалык регламентинин талаптарын, шайкештик декларациясын жана сертификатын алуу, лабораториялык сыноолорду жүргүзүү тартибин, ошондой эле рынокторго тоскоолдуксуз чыгуу үчүн зарыл болгон милдеттүү документтердин тизмесин кеңири түшүндүрүштү.
Эксперттер сертификациялоо процедураларынан туура өтүү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторуна эркин чыгуунун жана ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн негизги шарты болуп саналаарын баса белгилешти.