Аял ишкерлерге берилген насыялар 2,5 жыл ичинде 45%га өскөн
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында 2025-жылдын январь-июнь айларында мамлекет жалпы 98,9 млрд сом насыя бөлүп, анын 34,5 млрд сомун ишкер аялдар алганы келтирилди.
Ошондой эле статистикалык маалыматтарда мамлекеттик колдоо көлөмү мурдагы жылдарга салыштырмалуу жылдан жылга өсүп баратканы көрсөтүлгөн:
- 2023-жылы жалпы – 68 млрд сом насыя берилсе, анын ичинен аял ишкерлер — 23,6 млрд сомун алышкан;
- 2024-жылы жалпы – 77,8 млрд сом берилсе, аялдар — 28,9 млрд сом насяы алышкан;
- 2025-жылы (январь–июнь) жалпы 98,8 млрд сом насыя берилсе, аялдар — 34,5 млрд сом насыя алган.
Ошентип 2,5 жыл ичинде аял-ишкерлерге багытталган насыялар 45%га көбөйгөн.