"Ылдам" кепилдиги менен 8 айда ишкерлер 294 млн 617 миң сом насыя алышты

"Ылдам" кепилдиги менен 8 айда ишкерлер 294 млн 617 миң сом насыя алышты

Быйыл 10-ноябрга чейин жалпы 63 млн 550 миң сомго 112 “Ылдам” кепилдиги берилгенин “Кепилдик фонд” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул ишкерлерге 294 млн 617 миң сом өлчөмүндө насыялык каржылоо алууга мүмкүнчүлүк түздү.
“Негизи “Ылдам” кепилдик продуктусу чакан жана орто бизнес үчүн жетишсиз күрөөгө байланышкан тоскоолдуктарды жоюп, насыя алуу процессин тездетүүгө багытталган. “Ылдам” боюнча алгачкы кепилдик ушул жылдын 25-мартында 1,06 млн сом өлчөмүндө берилген. Алгачкылардан болуп бул кепилдик менен Жалал-Абад облусунун ишкери транспорт кызматтарын өнүктүрүү үчүн “Азия Банкынан” 4 млн сом өлчөмүндө насыя алган”,- деди Малик-Айдар Абакиров.

“Ылдам” кепилдигин төмөнкүлөр ала алат:

- Ачык офертанын шарттары менен макулдук - арызга кол койгон “Кепилдик фонддун” өнөктөштөрү.

- Төмөнкү тармактарда 6 айдан кем эмес иш жүргүзгөн жеке ишкерлер жана юридикалык жактар:

  • айыл чарба;
  • агроөндүрүмдөрдү кайра иштетүү;
  • өнөр жай;
  • туризм;
  • башка приоритеттүү тармактар.

Белгилей кетсек, “Кепилдик фонд” ААКсы 2025-жылдын март айында ишкерлер үчүн насыя алуу процесстерин ылдамдаткан ушул  “Ылдам” кепилдик продуктусун ишке киргизген.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу