Арашан породасындагы кой 15 миң долларга бааланган

Арашан породасындагы кой 15 миң долларга бааланган

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү багытында жакшы жылыштар болуп жатканы байкалат. Айрыкча Арашан породасындагы койлордун санын көбөйтүү жана анын сапатын жакшыртуу боюнча көп иштер жасалып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги билдирди. 

Министрликтин билдиришинче, Баетов айылынын жашоочусу жеке ишкер Надырбек Мамытбаев өзүнүн чарбасында жогорку селекциялык талаптарга  ылайык Арашан койлорун багып, жакшы натыйжаларга жетишип келет. 

“Анын кою – Корабль-2 линиясынын небереси – 15 миң долларга бааланып, Nissan Rok автоунаасына алмашылган. Бул окуя Кыргызстан асыл тукум мал чарбачылыгындагы эң сонун жетишкендиктерди бири болду. Бул өлкөдө селекциялык жумуштардын өсүп, фермерлердин сапатка жана ички рынокто асыл тукум малдын баалуулулугун жогорулатууга аракет кылып жатканын билдирет”,-делет министрликтин маалыматында. 

Мындан тышкары окуңуз

Суук аба ырайына байланыштуу энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Суук аба ырайына байланыштуу энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Жарыяланган штормдук эскертүүгө жана Кыргызстандын аймагында күтүлүп жаткан суук аба ырайынын шарттарына байланыштуу энергетиктер энергетикалык объектилердин ишин күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөөгө алышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Авариялык-ремонттук запастар даярдалып, мүмкүн болгон бузулууларды тез арада жоюу схемалары иштелип чыкты. "Кыргызстан УЭС" ААКтын маалыматына ылайык, оңдоо бригадалары, транспорт жана

Бишкекте күн батареясы жана энергия сактоо тутуму менен пилоттук долбоор ишке кирди

Бишкекте күн батареясы жана энергия сактоо тутуму менен пилоттук долбоор ишке кирди

Бишкек шаарында Энергетика министрлигинин колдоосу менен күн фотоэлектр станциясын энергия сактоо тутуму (BESS) менен айкалыштырган пилоттук долбоордун бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Долбоордо: * энергия сыйымдуулугу болжол менен 200 кВт·с болгон сактоо тутуму, * кубаттуулугу 50 кВт чамасындагы күн фотоэлектр станциясы, * энергия керектөөнү санариптик башкаруу тутуму (PMS/EMS)

Таштандыны кайра иштетүүчү заводдун өнөр жай калдыктары текшерүүгө алынды

Таштандыны кайра иштетүүчү заводдун өнөр жай калдыктары текшерүүгө алынды

Министрликке караштуу Экологиялык мониторинг департаментинин адистери бүгүн Бишкек шаардык санитардык полигонунда жайгашкан таштандыларды кайра иштетүү заводуна таандык өнөр жай калдыктарынын үлгүлөрүн алышты. Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, изилдөөлөр ишкананын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо максатында жүргүзүлгөн. Мониторингдин алкагында лабораториялык анализдер төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт: азот оксиди, күкүрт оксиди, азот диоксиди, көмүртек

Кыргызстанда сууну башкаруунун жаңы санариптик системасы ишке кирди

Кыргызстанда сууну башкаруунун жаңы санариптик системасы ишке кирди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы "Суунун бирдиктүү маалыматтык системасын" (АИС ЕИСВ) иштеп чыгып, ирригация тармагындагы суу ресурстарын башкарууну санариптештирди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жаңы система сууну пландаштырууга, эсепке алууга жана мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берип, суу ресурстарын пайдалануунун ачыктыгын камсыз