Жыл башынан бери аял ишкерлерге 478 млн сомдон ашык жеңилдетилген насыя берди

Жыл башынан бери аял ишкерлерге 478 млн сомдон ашык жеңилдетилген насыя берди

Ишкердикти өнүктүрүү фонду өлкө аймагындагы аял ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды бере баштады.

Аталган фонддун маалыматына ылайык, насыяны өндүрүш жана кызмат көрсөтүү тармактарында иштеген аял ишкерлер, ошондой эле үлүш ээлеринин кеминде 50%ы аялдар болгон юридикалык жактар ала алышат. Аймактардагы аял ишкерлер үчүн насыялар жеткиликтүү.

Насыя алуу үчүн жеке жактарда ишмердүүлүк патенти же ишкер катары каттоодон өткөнүн тастыктаган күбөлүк, юридикалык жактарда мамлекеттик каттоодон өткөнүн тастыктаган документ талап кылынат.

Насыянын мөөнөтү үч жылга чейин, суммасы 50 миң сомдон 3 млн сомго чейин берилет. Мөөнөттүү жеңилдик каралган. Аялдарга берилүүчү 12%дык насыя Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашууда. Банк аялдар ишкердигин колдоо үчүн 22 млн сом бөлдү, дагы 22 млн сомду фонд өз каражатынан төмөн пайыздык чен менен берет. Натыйжада, аял ишкерлерди колдоо үчүн жалпы 44 млн сом каралган.

Быйылкы он айдын ичинде фонд 253 аял ишкерге насыя берип, алардын бизнесин өнүктүрүүгө жалпы 478 млн 435 миң сом бөлдү.

Насыя алууну каалагандар фонддун колл-борбору (0559 956 799) же расмий сайттагы филиалдарга кайрыла алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу