Бишкекте айына 100 миң чарчы метр ковролин чыгарган ишкана ачылды

Бишкекте айына 100 миң чарчы метр ковролин чыгарган ишкана ачылды

Бишкек шаарында “Орион Грант” ЖЧКсы айына 100 миң чарчы метрден ашуун ковролин өндүрө турган жаңы ишкананы ишке киргизди. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкананын ачылышына агенттиктин директору Равшанбек Сабиров катышты. Компания “Бишкек” эркин экономикалык аймагында жайгашып, өндүрүш аянты 4 миң чарчы метрге жакын.

Ишканага Түркиядан келген атайын жабдуулар орнотулду. Жалпы инвестициялардын көлөмү болжол менен 300 млн сомду түзүп, анын ичинен 1 млн АКШ долларын Кыргыз–Азербайжан өнүктүрүү фонду каржылады.

Биринчи этапта ишкана Борбор Азия жана ЕАЭБ рынокторуна багытталган ковролиндин төрт түрүн чыгарат. Ал эми ишкананын базасында 30 жаңы жумушчу орун түзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Суук аба ырайына байланыштуу энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Суук аба ырайына байланыштуу энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Жарыяланган штормдук эскертүүгө жана Кыргызстандын аймагында күтүлүп жаткан суук аба ырайынын шарттарына байланыштуу энергетиктер энергетикалык объектилердин ишин күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөөгө алышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Авариялык-ремонттук запастар даярдалып, мүмкүн болгон бузулууларды тез арада жоюу схемалары иштелип чыкты. "Кыргызстан УЭС" ААКтын маалыматына ылайык, оңдоо бригадалары, транспорт жана

Бишкекте күн батареясы жана энергия сактоо тутуму менен пилоттук долбоор ишке кирди

Бишкекте күн батареясы жана энергия сактоо тутуму менен пилоттук долбоор ишке кирди

Бишкек шаарында Энергетика министрлигинин колдоосу менен күн фотоэлектр станциясын энергия сактоо тутуму (BESS) менен айкалыштырган пилоттук долбоордун бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Долбоордо: * энергия сыйымдуулугу болжол менен 200 кВт·с болгон сактоо тутуму, * кубаттуулугу 50 кВт чамасындагы күн фотоэлектр станциясы, * энергия керектөөнү санариптик башкаруу тутуму (PMS/EMS)

Таштандыны кайра иштетүүчү заводдун өнөр жай калдыктары текшерүүгө алынды

Таштандыны кайра иштетүүчү заводдун өнөр жай калдыктары текшерүүгө алынды

Министрликке караштуу Экологиялык мониторинг департаментинин адистери бүгүн Бишкек шаардык санитардык полигонунда жайгашкан таштандыларды кайра иштетүү заводуна таандык өнөр жай калдыктарынын үлгүлөрүн алышты. Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, изилдөөлөр ишкананын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо максатында жүргүзүлгөн. Мониторингдин алкагында лабораториялык анализдер төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт: азот оксиди, күкүрт оксиди, азот диоксиди, көмүртек

Кыргызстанда сууну башкаруунун жаңы санариптик системасы ишке кирди

Кыргызстанда сууну башкаруунун жаңы санариптик системасы ишке кирди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы "Суунун бирдиктүү маалыматтык системасын" (АИС ЕИСВ) иштеп чыгып, ирригация тармагындагы суу ресурстарын башкарууну санариптештирди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жаңы система сууну пландаштырууга, эсепке алууга жана мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берип, суу ресурстарын пайдалануунун ачыктыгын камсыз