Таластагы "Айсу" цехи айына 100-150 тоннага чейин сафлор майын өндүрөт

Таластагы "Айсу" цехи айына 100-150 тоннага чейин сафлор майын өндүрөт

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Жоон-Дөбө айылында жайгашкан “Айсу” сафлор майын өндүрүүчү цех 2023-жылдын 15-августунан тарта ишмердүүлүгүн жолго коюп, бүгүнкү күндө ички рынокто жогорку суроо-талапка ээ сапаттуу май өндүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ишкана сафлор чөбүн Талас жана Чүй облусунун дыйкандарынан 1 килограммын 35–45 сомдон сатып алып, сезондо айына 100–150 тоннага чейин таза продукт чыгарат. Өндүрүлгөн майдын 70–80%ы Талас жана Бишкек шаарларында, калган 30%ы Кыргызстандын башка аймактарында сатылууда.

Сафлор майынын негизги өзгөчөлүгү — анын химиялык кошулмалар кошулбастан, толугу менен таза, муздак ыкма менен сыгылып чыгарылышы. Муздак сыгуу технологиясы майдын табигый даамын, сапатын жана организимге пайдалуу касиеттерин толук сакталып калуусуна шарт түзөт.

Ишкердин айтымында, ички рынокто сафлор майына болгон суроо-талап акыркы мезгилде туруктуу өсүүдө. Бул болсо жергиликтүү өндүрүштү кеңейтүү жана дыйкандар менен кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө түрткү болууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандан Өзбекстанга — комиссиясыз: DemirBank акча которууларды жеңилдетет

Кыргызстандан Өзбекстанга — комиссиясыз: DemirBank акча которууларды жеңилдетет

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы акча которуулар DemirBankтын кардарлары үчүн дагы жеткиликтүү болду.  Эми Uzum Bank, Humo жана Uzcard карталарына акча каражаттарын комиссиясыз жөнөтүп, заматта которууга болот. Өзбекстандагы туугандарыңызга акча жөнөтүү, жакындарыңызга күнүмдүк чыгымдары үчүн жардам берүү же жеке муктаждыктар үчүн каражат которуу эми смартфон аркылуу оңой аткарылат.  DemirBankтын кардарларына которуу

Ишкер Media
Ысык-Көлдөн жыл башынан бери 53,9 чакырым тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн жыл башынан бери 53,9 чакырым тор чыгарылды

2026-жылдын башынан бери Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы узундугу 53,9 чакырымды түзгөн 539 даана синтетикалык балык уулоочу тор жана 1,44 тонна таштанды чыгарылды.Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, көлдү тазалоо иштери президенттин "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруунун алкагында

Ишкер Media
Ош - Кара-Суу унаажолу 4 тилкелүү болуп кеңейтилүүдө

Ош - Кара-Суу унаажолу 4 тилкелүү болуп кеңейтилүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ош – Кара-Суу унаажолун кеңейтүү жана жаңылоо иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. Маалыматка караганда, жалпы узундугу 18 чакырым 690 метр болгон жол тилкеси толугу менен жаңыланып, төрт тилкелүү болот. Ал эми жолдун туурасы 22 метрге чейин кеңейтилет. Унаажол эл аралык маанидеги транспорттук каттамдардын бири болуп саналат. Ошондуктан

Ишкер Media
Агартуу министри Жалал-Абаддагы лицейдин иши менен таанышты

Агартуу министри Жалал-Абаддагы лицейдин иши менен таанышты

Агартуу министри Догдүркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусуна болгон иш-сапарынын алкагында №69 кесиптик лицейине барды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, министр анда окуу жайдын инженердик-педагогикалык кызматкерлери жана окуучулары менен жолугушуп, алардын сунуш-пикирлерин укту. Ошондой эле эмгек акыны жогорулатуу жана билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу

Ишкер Media