Кыргызстанда биринчи жолу финансылык коопсуздук боюнча олимпиада өтөт

Кыргызстанда биринчи жолу финансылык коопсуздук боюнча олимпиада өтөт

11-ноябрынан 13-декабрына чейин Бишкек шаарында мектеп окуучулары үчүн финансы коопсуздугу боюнча биринчи Республикалык олимпиада өткөрүлөт. 

Олимпиаданы БШК, Билим берүү министрлиги жана Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жана П.Н. Лебедев атындагы Россия Илимдер академиясынын Физика институтунун мектеп окуучуларын жана студенттерди олимпиадага даярдоо борбору уюштуруп жатат. Иш-чаранын өнөктөштөрү – "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКы менен «ВиЧейндж» ЖЧКсы.

Олимпиаданы уюштуруу жана өткөрүүнүн максаты жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, шектүү финансылык операцияларды таануу көндүмдөрүн өнүктүрүү жана алдамчылык схемаларына тартылып калуунун алдын алуу.

Олимпиадага Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин 9, 10 жана 11-класстарынын окуучулары чакырылат.

Катышууну каалаган окуучулар 17-ноябрдан 27-ноябрга чейин https://sodrujestvo.org/ дареги боюнча «Содружество» платформасында катталып, 1-декабрдан 3-декабрга чейин тандоо тестинен өтүшү керек.
Эң мыкты 100 окуучу финалдык этапка чакырылат. Жыйынтыктарды жарыялоо жана катышуучуларды сыйлоо 2025-жылдын 13-декабрында бетме-бет форматта өтөт.

Олимпиаданын жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундардын ээлери жыл сайын аталган борбор тарабынан өткөрүлүүчү финансылык коопсуздук боюнча жайкы жана кышкы мектептерге катышууга чакырылат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу