Кыргызстандын евробонддоруна болгон суроо талап 3 эсеге көбөйдү

Кыргызстандын евробонддоруна болгон суроо талап 3 эсеге көбөйдү

Кыргызстандын суверендүү евробонддоруна болгон суроо-талап сунуштан дээрлик 3 эсе көбөйгөнүн бүгүн Министрлер Кабинетинин алдындагы Бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү кеңешинин өкүлү Улук Кыдырбаев “Евроблигацияларды чыгаруу: теориядан практикага” аттуу практикалык форумда билдирди.

Анын айтымында, узак мөөнөттүү финансылоону тартуу темасы Борбор Азия өлкөлөрү үчүн барган сайын маанилүү болуп баратат. Анткени регион жаңы экономикалык өнүгүү жана масштабдуу милдеттерди аткаруу этабында турат.

“Пландарды ишке ашыруу үчүн ресурстар керек. Капитал рыногу жана карыз алуу рыногу — өлкөлөрдүн алдыга жылышына шарт түзгөн негизги инструменттердин бири”, — деди Кыдырбаев.

Ал Борбор Азия өлкөлөрү евробонддорду жайгаштырууда ийгиликтүү тажрыйба топтогонун белгиледи. Өзбекстан бул рынокко үзгүлтүксүз чыгып келет, Казакстан 2,5 млрд доллардан ашык суммага евробонддорду чыгарган.
“Биз 700 млн доллар тарттык, ошол эле учурда суроо-талап 2,1 млрд долларды түздү. Бул эл аралык инвесторлордун жогорку кызыгуусун жана ишенимин көрсөтөт”, — деди ал.

Кыдырбаевдин айтымында, мындай динамика өлкөдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясаттын натыйжалуулугун жана Кыргызстандын дүйнөлүк капитал рыногундагы өсүп жаткан жагымдуулугун тастыктайт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу