Чүй облусунда ишкерлерди колдоо боюнча жыйын өттү
Чүй областынын прокуратурасы тарабынан Президенттин 2026-жылдын 28-январындагы №18 Жарлыгынын талаптарын ишке ашыруу маселелери боюнча жыйын өткөрүлдү. Жарлык ишкердик субъекттерге салыктык контролду жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) карайт.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жыйынга Мамлекеттик салык кызматынын, Экономика жана коммерция министрлигинин Чүй аймактык бөлүмүнүн өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик контролдоочу органдардын жетекчилери жана жеке ишкерлер катышты.
Иш-чарада ишкерлерди колдоо, экономиканын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу, инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнеске негизсиз кийлигишүүгө жол бербөө маселелери талкууланды. Ошондой эле ишкерлерди текшерүү тартибин тиешелүү органдар менен макулдашуу жана текшерүүлөрдү бир убакытта өткөрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Жыйындын жыйынтыгында ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча кызматташтыкты күчөтүү боюнча макулдашууларга жетишилди.


