Ат-Башы районунда сапаттуу Голландия картошкалары көбөйтүлөт

Ат-Башы районунда сапаттуу Голландия картошкалары көбөйтүлөт

"Агродиалог-2026" форумунда Ат-Башы районунун дыйканы Алтынбек Айбашев картошка өстүрүү багытында туруктуу иштеп, 2023-жылдан бери Голландиядан алынып келинген супер, супер элита картошка уруктарын колдонуп, сапаттуу жана тектүү сортторду көбөйтүп жатканын билдирди.

"Учурда чарбада супер, элита, супер элита категориясындагы сильвана, коломба, камелия, бедис, челенжер картошка уруктары бар. Бул уруктар жогорку түшүмдүүлүгү, сапаты жана ооруларга туруктуулугу менен айырмаланат",-дейт ал.

Акыркы жылдары картошканын сапатынын төмөндөшү байкалгандыктан, дыйкан башка дыйкандарды таза тектүү, элиталык жана жаңы сорттогу картошка уруктары менен камсыз кылууну максат кылат. Бул аймакта картошка өндүрүшүнүн сапатын жана түшүмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк 2025-жылдын IV чейрегинде финансы уюмдарына карата жүздөгөн чараларды колдонду

Улуттук банк 2025-жылдын IV чейрегинде финансы уюмдарына карата жүздөгөн чараларды колдонду

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын төртүнчү чейрегинде өз көзөмөлүндөгү банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарына карата бир катар таасир этүү чараларын колдонду. Аталган мекеменин маалыматка ылайык, текшерүүлөр инспектордук текшерүү жана тышкы көзөмөл аркылуу жүргүзүлгөн. Бул иш-чаралардын негизги максаты – финансы секторунда мыйзам талаптарынын сакталышын камсыз кылуу жана кардарлардын укуктарын коргоо болуп

Бишкекте 58 миң  доллар турган 4 унааны алдап алган жаран кармалды

Бишкекте 58 миң доллар турган 4 унааны алдап алган жаран кармалды

Бишкекте 4 унааны алып из жашырган жаран алдамчылыкка шектелип кармалганын Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга 5-апрелде А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, С.И. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Шектүү алдоо жолу менен унааларды сатууга көмөк көрсөтүү шылтоосу менен жалпы баасы 58

Баткенде чек араны бекемдөө иштери жүргүзүлүп жатат

Баткенде чек араны бекемдөө иштери жүргүзүлүп жатат

КРнын бажы органдарынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү биргеликте мамлекеттик чек араны бекемдөө иштерине катышууда. Алар биргелешип Баткен облусунун Самаркандек айылындагы Оток тилкесинде тосмолорду орнотуу иштерин жүргүзүштү. Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлагандай, чек араны бекемдөө иштерине катышуу демилгеси «Баткен» бажысынын кызматкерлери тарабынан офицердик жыйында сунушталып, колдоого алынган. Иш-чарага Мамлекеттик бажы

Кыргызстанда кайра жаралуучу энергия булактары боюнча изилдөө борбору ачылды

Кыргызстанда кайра жаралуучу энергия булактары боюнча изилдөө борбору ачылды

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында жаңыланып туруучу энергия булактары боюнча изилдөө жана тренинг борбору ачылганын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги кабарлады.  Бул демилге Швейцариянын Женева шаарында жайгашкан Булан институту (Bulan Institute for Peace Innovations) жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен биргеликте ишке ашырылды. Аталган борбор энергетика тармагындагы адистерди