Кыргызстан спаржасы келечекте Араб өлкөлөрүнө, Европага, Кытайга экспорттолот

Кыргызстан спаржасы келечекте Араб өлкөлөрүнө, Европага, Кытайга экспорттолот

Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги уюштурган "Агродиалог-2026" форумунда "Агроиндустрия" компаниясынын өкүлү Айдар Жолдошбеков соңку 10 жылдан бери спаржа өстүрүп, жакшы ийгиликке жетишкенин билдирди.

"Биздин аз көлөмдө баштаган ишмердүүлүгүбүз бүгүнкү күндө 20 гектардан түшүм алууга жетти. Быйылкы жылга 61 гектар жерге айдоону пландап жатабыз. Салттуу ыкма менен бир гектардан орточо эсеп менен 6–8 тонна түшүм алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми заманбап агротехнологиялык ыкмалар аркылуу түшүмдүүлүктү 12–15 тоннага чейин жогорулатса болот",-дейт ал.

Фермердин айтымында, учурда өндүрүлгөн спаржа Казакстан жана Россияга экспорттолот. Мындан тышкары, компания келечекте спаржа продукциясын Араб, Азия өлкөлөрүнө, Түштүк Корея, Гонконг, Кытай, Макао сыяктуу өлкөлөргө экспорттоп баштайт.

"Ошондой эле биз Европа мамлекеттери менен да иштешүүнү пландап жатабыз. Ошого байланыштуу былтыр спаржанын кызыл түрү үчүн эл аралык сапат стандартына жооп берчү GlobalGAP сертификатын алдык",-дейт ал.

Мындан тышкары окуңуз

Мигранттардын пенсиялык укуктары кандай корголуп жатат?

Мигранттардын пенсиялык укуктары кандай корголуп жатат?

Кыргызстан Соцфондунун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, өлкөдөгү мигранттардын пенсиялык укуктарын коргоо боюнча ийгиликтүү иш жүргүзүлүп жатат. ЕАЭБ алкагында 163 өлкө жарандарына пенсиялар дайындалган. Өз кезегинде, Россия Кыргызстандык 134 жаранга бөлөк бөлүнгөн пенсиялардын бир бөлүгүн төлөп берди. Ошондой эле төмөнкү иштер аткарылууда: * Корея — 136 жаран өлкөдөгү эмгек стажы үчүн акча

Кыргызстанда катализаторлорду өлкөдөн чыгарууга убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда катализаторлорду өлкөдөн чыгарууга убактылуу тыюу салынды

Министрлер Кабинети мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын өлкөдөн чыгарып кетүүгө алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салды. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Чечимдин максаты – атмосферанын булганышын азайтуу, адамдын өмүрүн жана ден-соолугун, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо. Катализатор унаанын газ чыгаруу системасындагы

Д.Бекешев мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу системасын өзгөртүүнү сунуштады

Д.Бекешев мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу системасын өзгөртүүнү сунуштады

Мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууда күтүүсүздүк эффектиси болушу керектигин Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирди. "Азыр сыйлык алуучу өзү чуркап, документтерди чогултуп, жамааттын колун топтоп жүрөт. Негизи тескерисинче болушу керек эле. Сыйлык ыйгаруучу орган өзү

Ататүрк сейил багындагы мыйзамсыз курулган объект демонтаждалды

Ататүрк сейил багындагы мыйзамсыз курулган объект демонтаждалды

Октябрь районунда, Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил багынын аймагында  Малдыбаев көчөсү, 159 дарегинде  бош жер тилкесине мыйзамсыз курулуп жаткан капиталдык объект демонтаждалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маселе ведомстволор аралык жумушчу комиссия тарабынан каралып чыгып, аталган аймакта курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берүүчү тиешелүү документтердин жоктугу аныкталган. Колдонуудагы мыйзамдардын талаптары бузулгандыгына байланыштуу