Кыргызстанда электрондук акчалар мураска калтырылат
Жогорку Кеңеште өлкөдө биринчи жолу электрондук акчаны мураска калтыруунун тартибин мыйзам деңгээлинде аныктоочу мыйзам долбоору тааныштырылды. Документ бир нече мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт жана электрондук акчаны жарандык укуктардын объектиси катары тең коюп, мураскорго өткөрүүнү камсыз кылат.
Мыйзам долбооруна ылайык, Жарандык кодекске электрондук акча мүлккө кирет деген жобо кошулат.
Бул деген, санариптик капчыктардагы каражаттар кадимки банк эсептери сыяктуу мураска калтырылышы мүмкүн дегенди билдирет.
"Төлөм системасы жөнүндө" мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөрдө деталдаштырылган процедура каралган: электрондук акчанын ээси каза болгондон кийин, эмитент нотариус же мураскордун өтүнүчү боюнча чыгым операцияларын блоктоого, каражаттардын бар экендиги тууралуу маалымат берүүгө жана укуктар тастыкталгандан кийин каражаттарды мураскорго өткөрүүгө милдеттүү болот.
"Банк жана банкттык ишмердүүлүк жөнүндө" мыйзамга да өзгөртүүлөр кирет: банктар нотариустарга өлгөн адамдардын депозиттери гана эмес, электрондук акча, сейфтик ячейкалар, металл эсептер жана башка активдер тууралуу да маалымат берүүгө милдеттүү экени так көрсөтүлөт.
Кыскача маалыматта белгиленгендей, өлкөдө 6,6 миллиондон ашуун электрондук капчык катталган, жана мураска калтыруунун бирдей эрежеси жоктугу талаш-тартыштарга жана түшүнбөстүктөргө алып келип жатат. Мыйзам долбоору укуктук боштуктарды жоюп, жарандардын мүлктүк укуктарын коргоого багытталган.
Долбоор негизги министрликтер, Улуттук банк жана Нотариат палатасы менен макулдашылган. Ведомстволордон дээрлик эч кандай сын-пикир келген эмес, жалпысынан УКМКнын айрым сунуштары эске алынган эмес.