Кыяс Молдокасымовдун мөмө багы сакталып калды
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиевдин чечими менен шаардын чыгыш тарабындагы мөмө бактын орду унаа жүрүүчү магистрал үчүн алынбай бактын ээси - белгилүү журналист Кыяс Молдокасымов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, мэр Айбек Жунушалиев 24-февраль күнү тиешелүү кызматкерлери менен чогуу келип, жол салынат делген жерлер менен таанышкан соң жолду бакчанын четинен салуу сунушун киргизген.
Кыяс Молдокасымов ага чейин бул мөмө бакты өстүрүүгө 20 жылдык мээнети кеткенин, жаңы жолду эскинин орду менен куруп кетсе болорун айтып, журналисттерге кайрылган. Аныны айтымында атайын эсептөө боюнча, бакча жылына 22 млн 250 миң кубдай кычкылтек бөлүп чыгарат.