Алматыда курьерлерге талаптар күчөтүлөт

Алматыда курьерлерге талаптар күчөтүлөт

Алматы полициясы курьердик кызмат көрсөтүүчү агрегаторлорго талаптарды күчөтүүнү сунуштады. Бул маселе шаардык полиция департаментинин жыйынында ири сервистердин өкүлдөрү, прокуратура, шаардык кызматтар жана коомчулук катышкан кеңешмеде талкууланганын Informburo.kz жазды.

Жыйынга 2024-жылдын 14-февралындагы окуя себеп болгон. Курьер гүл жеткирип келип, кызга асылууга аракет кылган. Ал жети суткага административдик камакка алынган.

Алматы шаардык полиция департаментинин башчысы Айдын Кабдулдинов ар бир курьер турак жайларга жана жарандардын жеке маалыматтарына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин белгиледи.

Ушуга байланыштуу полиция төмөнкү катуу талаптарды койду:
  • кызматкерлерди иштин бардык баскычтарында биометрикалык идентификациялоону киргизүү;
  • аккаунттарды үчүнчү жактарга берүүгө толук тыюу салуу;
  • чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга тыюу салуу;
  • Жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын туруктуу көзөмөлдөө.

Шаар прокуратурасынын өкүлү бардык кызматкерлердин укуктук макамы мыйзамдуу болушу керектигин эскертти. Кеңешменин катышуучулары платформалардын ички регламенттерин кайра карап чыгуу жана коопсуздук эрежелерин бузууга түрткү берген "тез жеткирүү" стимулдарын жоюу маселесин да талкуулашты.

Айдын Кабдулдинов эгер системалуу өзгөрүүлөр болбосо, полиция департаменти кошумча ченемдик жөнгө салуу чараларын демилгелей турганын айтты.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media