"Кепилдик фонд" ишкерлерге 18 млрд сомдон ашуун кепилдик берди
"Кепилдик фонд" ААКсы өлкөнүн ишкерлерин колдоо багытында иштеп баштагандан бери берилген кепилдиктер боюнча каражаттардын кайтарымдуулугунун жогорку деңгээлин сактап келет. Бул тууралуу "Кепилдик фонддон" билдиришти.
Фонддун тогуз жылдык ишмердүүлүгүндө бул көрсөткүч 97,6%дан 100%га чейин өзгөрүп келген. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча кайтарымдуулук 98,22%ды түздү. Ал эми фонд иштеп баштагандан берки бардык мезгил боюнча кепилдиктердин орточо кайтарымдуулук деңгээли 98,95% болду.
Бүгүнкү күнгө чейин "Кепилдик фонд" өлкө ишкерлерине олуттуу колдоо көрсөтүп келүүдө. Ишмердүүлүк башталгандан бери фонд 21 миңден ашуун кепилдикти берип, алардын жалпы суммасы 18,2 млрд сомдон ашты.
Бул кепилдиктер ишкерлерге өз бизнесин өнүктүрүү үчүн 56,2 млрд сомдон ашык кредиттик каражаттардытартууга мүмкүнчүлүк түзгөн.