"Дордойду" заманбап соода борборуна айлантуу сунушумду айткам – С.Жапаров
Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү ири базарларды жаңылоо маселеси боюнча пикирин билдирди. Ал буга чейин берилген убадаларга карабастан, "Дордой" базары азыркыга чейин заманбап соода борборуна айланбаганын сынга алды.
Президент эскерткендей, ал кызматка келгенден бери контейнердик соода форматынан баш тартуу тапшырмасын койгон. Анын планы боюнча Дордой базары, Ош базары жана Кара-Суу базары дүйнөлүк стандарттарга жооп бериши керек. Бул ишкерлер менен кардарлар үчүн кышында сууктан, жайында ысыктан жапа чекпеген ыңгайлуу шарттарды түзмөк.
Ушуга байланыштуу президент "Дордойдун" ээси Аскар Салымбеков менен жеке жолуккан.
"Мен аксакалды чакырып: "Сиз 30 жылда бул базардан миллиардер болдуңуз. Бул жерге Дубайдагы же Стамбулдагыдай заманбап комплекс куруп, аялдарыбыз үчүн жакшы шарт түзүңүз дедим", — деп айтты мамлекет башчы.
Анын айтымында, Аскар Салымбеков сунушту колдогону менен, азыркыга чейин конкреттүү иштер баштала элек. Президент: "Же карып калдыбы, же акчасын аяп жатабы?" — деп суроо салганын белгилеп, жакын арада аны кайра чакырып сүйлөшөрүн кошумчалады.
Ошол эле учурда башка базарлар боюнча иштер жүрүп жатат. Президент билдиргендей, Ош базары 2026-жылдын июль айында жаңы жерге көчүрүлөт. Ал эми Кара-Суу базарына мамлекет кийлигишип, Садыр Жапаров болжолу боюнча, 1,5 жыл ичинде ал заманбап соода аянтчасына айланат.