Кыргызстандын IT тармагы – чакан сереп

Кыргызстандын IT тармагы – чакан сереп
Photo by Mohammad Rahmani / Unsplash

Кыргызстанда IT тармагынын тез темпте өнүгүүсү акыркы жылдары олуттуу байкалууда. Бул тармакта көптөгөн окуу борборлору ачылып, анын бүтүрүүчүлөрүнүн да саны көбөйгөнү менен эмгек рыногунда программист-адистерге болгон талап да барган сайын күчөп баратат.

Economist.kg Жогорку Технологиялар Паркынын ишмердүүлүгү жана IT тармагындагы билим берүү, жумуш орундарына чакан байкоо жүргүздү.

Жогорку Технологиялар Паркы

«Сорос-Кыргызстан» Фондунун «Кыргызстандын IT-рыногу жана IT билим берүү кызматтары» деген 2018-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, 2018-жылы Кыргызстанда орточо эсеп менен 180-190 компания иштеген. Алардын 40 компаниясы Жогорку технологиялар паркынын резиденттери болгон. Ар бир компанияга болжол менен 20-30 жумушчу туура келген.

Ал эми Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы 2021-жылдын экинчи кварталы боюнча отчетунда  ЖТПда 83 резидент компания иштегенин жана алар 963 адамды жумуш менен камсыз кылганын билдиришти.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй IT тармагындагы компаниялардын негизги багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:

  • Программалык камсыздоону иштеп чыгуу
  • ИТ консалтинг кызматы
  • Узак мөөнөттүү стартап-долбоорлорду иштеп чыгуу
  • Негизги бизнес-процесстерди автоматизациялоо
  • Программалык-техникалык каражаттарды эксплуатациялоону камсыздоо
  • Маалыматтык системадагы колдонуучуларды колдоо
  • Сервистик тейлөө
  • Аутсорсинг call-центр

Ата мекендик программалык камсыздоону иштеп чыгуу индустриясын, маалыматтык жаңы жана жогорку технологияларды өнүктүрүү максатында 2011-жылы «КРнын  Жогорку технологиялар паркы» жөнүндө Мыйзамга кол коюлган, натыйжада, жогоруда айтып кеткендей анын резиденттеринин саны 83кө жетти. Бул Мыйзам программалык камсыздоону иштеп чыгуучу компанияларга финансылык агымдарды мыйзамдаштырууга, программисттерге жогорку маяна төлөөгө, ошол эле учурда экспорттук кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүндүк берген атайын укуктук жана салыктык режимди карайт.

ЖТПнын ишке кириши менен Кыргызстанда программалык камсыздоону, мобилдик тиркемелерди, контентти жана IT кызматтарын экспорттоо рыногунун көлөмү жыл сайын өсүүдө.

  • Ушул жылдын II кварталында ЖПТнын кирешеси дээрлик 5.3 млн долларды түздү, бул 2020-жылдын экинчи кварталына караганда 80%га көп. 2021-жылга карата киреше – 9.5 млн долларга жеткен.

ЖТПнын резиденттеринин 2013-2019-жылдар аралыгындагы жылдык кирешеси

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, 2020-жылы Жогорку технологиялар паркынын 50 компаниясы өлкөнүн бюджетине 36 млн 117 миң сом төккөн. Ал эми 2021-жылы ЖТПнын резиденттери социалдык чегерүүлөрдү кошкондо дээрлик 24 млн сомдон ашык мамлекетке салык төлөгөн.

  • 5 жылдык отчет ЖТПнын директору Чубак Темировдун берген маалыматына ылайык көрсөтүлдү

Программалык камсыздоону иштеп чыгуучулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кыргыз ассоциациясынын божомолуна ылайык, 2030-жылы Кыргызстанда эгерде 50 миң программист адис иштесе, 4 млрд доллар тартууга мүмкүнчүлүк бар.

Кыргызстандын IT тармагындагы билим берүү

Кыргызстанда IT жаатында билимди төмөнкү жайлардан алса болот:

  • ЖОЖдон
  • лицей же коледжден
  • кыска мөөнөттүү курстардан
  • Интернеттеги онлайн окутуу платформаларынан

Бирок ошол эле убакта жумуш берүүчүгө программист-адистин кайсы окуу жайды бүткөндүгү анчалык маанилүү эмес. Мындай тенденция Кыргызстанга эле эмес башка өлкөлөргө да тиешелүү. Google, Apple, IBM компаниялары IT адистерин ишке алууда жогорку билимди талап кылбай калышкан.

Ошол эле «Сорос-Кыргызстан» фондунун изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда ЖОЖдо IT адистигине окуу 300 доллардан 5000 долларга (жеке менчик университтерде) чейин болот. Белгилей кетчү нерсе, Орто Азиядагы башка мамлекеттерге салыштырмалуу КРда билим алуу жеткиликтүү жана арзан. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында жогору балл алгандар бекер тапшыра алышат. Университетте бул адистикке окугандардын 40%ы гана бүткөндүгү тууралуу тиешелүү документтерди алышат. Фонддун мамлекеттик жана коммерциялык ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнө жүргүзгөн иликтөөсүнө ылайык, алардын 67.8%ы жумушка орношууда алган билими заманбап IT-рыногунун талабына жооп бербегендигин билдиришкен жана калган 32.2%ы кошумча билим алуу үчүн курстарга барууга туура келгенин айткан.

Талап бар жерде, сунуш бар болгондой,  учурда Кыргызстанда кыска мөөнөттүү программалоого окуткан окуу борборлору көбөйүүдө. Алардын баасы 3000 сомдон 40 миң сомго чейин жетет. Мындай курстардагы мугалимдердин 70%ы 24-35 жаштагы адистер болуп, группада 10-15тен окушат. Кыска мөөнөттүү интенсив курстардын артыкчылыгы – студент тандаган багыттагы билимдин так берилиши жана практикага басым жасалышы. ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрү терең теориялык билимге ээ болушса, кыска мөөнөттүү окуу борборлорунун бүтүрүүчүлөрү көбүрөөк учурдагы рыноктун талабына ылайык билим алышат.

«Сорос» Фондунун иликтөөсүнө таянып, билим берүү жаатында бир канча жыйынтыктар менен сунуштарды киргизүүгө болот:

  • ЖОЖдогу билим заманбап ITнин талабына жооп бербейт. Аныдыктан Жогорку билим берүү системасында IT билим берүүчүлөр менен IT-компаниялардын ортосундагы боштукту толтуруш керек.
  • Көп жаштар бул тармакта билим алуу үчүн онлайн-окууну же жеке курстарды тандап алып жатышат. Ошондуктан ЖОЖдор дагы өзүнүн билим берүү моделин карап чыгып, каалоочулар үчүн белгилүү бир багытта билим берүүчү курстарды уюштуруш керек.

Amazon компаниясынын программалык камсыздоо инженери, Америкадагы программист-адистикке окутуу боюнча Seytech компаниясынын негиздөөчүсү Марат Гаипов кыргызстандык программисттерге күчтүү стартаптарды чыгаруу үчүн билим жана ажрыйба керектигин белгиледи.

«Учурда кыргызстандык инженерлер бүт дүйнөдө жакшы жумуштарды жасап жатышат. Дүйнөлүк аренадагы стартаптарды чыгаруу үчүн бизге билим жана тажрыйба керек. Биринчиден эле, англис тилин үйрөнүү керек, программалоонун тили англисче жүрөт, экинчиден, технологияны үйрөнүү зарыл, үчүнчүдөн, профессионализм, жоопкерчилик керек. Эгер мүмкүнчүлүк болсо Америка же Европа жактардан стажировкалардан өтүү керек. Анткени менин көз карашымда, батыштын системасын түшүнсөң, ийгиликке жетүү оңоюраак жана бат болот. Ал эми инвестиция жагынан карай турган болсок, мамлекет бул тармакта 5-10 жылдык план коюп, IT-хабдарды, технопарктарды ачыш керек. Бул менен Кыргызстанда туруп эле аутсорсинг кылып, дүйнөлүк дэңгээлдеги компаниялар менен иштешсе болот», – дейт ал.

КРгы жумуш орундары жана маяна

Бир нече жылдан бери КРда IT чөйрөсүндөгү вакансиялар Интернетте, социалдык түйүндөрдө туруктуу жарыяланып келет. 2004-жылдан бери иштеп келген job.kg сайтында 17-авгуска карата программист-адистигине бир айда 107 ваканция жарыяланган. Андан тышкары, Facebook, Telegram каналдарында да бир канча жумуш орундары тууралуу жарыялаган баракчалар бар.  Жогоруда аталган баракчаларда бул адистиктин айлык маянасы – багытына, жумуштун татаалдыгына жараша 250 доллардан 3500 долларга чейин жетет жана бул көбүнчө адистин чеберчилигинен көз каранды.

Жогорку технологиялар паркынын берген маалыматына ылайык, КРнын көптөгөн IT компаниялары экспортко иштешет жана ушул жылдын экинчи мезгилинде экспорттун дээрлик 35% АКШга туура келген жана андан тышкары, Казакстан, Кипр, Россия, Улуу Британия, Япония, Грузия, Австралия сыяктуу өлкөлөрдүн компанияларына кызмат көрсөтүшөт.

Мындан тышкары окуңуз

Фрунзе көчөсүнүн бир тилкесинде жол кыймылына чектөө киргизилди

Фрунзе көчөсүнүн бир тилкесинде жол кыймылына чектөө киргизилди

Бүгүнтөн тарта Фрунзе көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул иштер жолду жаңылоонун кезектеги баскычы. Буга чейин Фрунзе көчөсүнүн А. Сүйүмбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки тилкесинде оңдоо иштеринин негизги бөлүгү аяктап, жол кыймылы кайра жанданган. Белгиленгендей, жолдун эски асфальт-бетон

Ат-Башыда эс алуучу жайдан илбирс жана күрөң аюунун терилери табылды

Ат-Башыда эс алуучу жайдан илбирс жана күрөң аюунун терилери табылды

Ат-Башы районундагы жеке жаранга таандык эс алуучу жайдан Кызыл китепке кирген илбирс менен күрөң аюунун терилери табылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү текшерүү учурунда аталган фактты аныкташкан. Эс алуучу жайдын ээси терилер болжол менен 30 жыл мурда

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткен облусунда туризм тармагын өнүктүрүү, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу жана инфраструктураны өркүндөтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов облус башчысынын орун басары Максатай Мамытбекова менен жолугушуп, аймактагы туризмдин негизги маселелери жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты. Андан

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери  тажрыйба алмашууну көздөшөт

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери тажрыйба алмашууну көздөшөт

10-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты. "Жаштар – жалпы прогресске жана тынчтыкка карай жолдо!" деген ураан алдында өткөн форумга эки өлкөнүн депутаттары, жаштар, адистер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Марлен Маматалиев кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхый, маданий жана руханий жакындыгын белгилеп,