Алкоголсуз сергитүүчү суусундуктар 20-30 сомго кымбатташы мүмкүн
Жакында бардык алкоголсуз суусундуктар 20 же 30 сомго кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандагы Америкалык соода палатасы (AmCham) билдирди.
Эске сала кетсек, буга чейин палатадан кабарлагандай, Салык кызматы алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүчүлөр менен дистрибьюторлорду курамында канты бар алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгын төлөөгө чакырып жаткан эле. Бул нерсени алар энергетикалык алкоголсуз суусундук катары TN ВЕД кодундагы классификацияга киргендиги менен түшүндүрүшкөн.
Палатанын өкүлдөрүнүн айтымында, өндүрүүчүлөргө салыкты жогорулатуу жана ага байланыштуу салыктык администрациялоо чыгымдары товардын акыркы наркына түздөн-түз таасирин тийгизет.