Дизель майынын баасы көтөрүлүшү мүмкүн - Нефтетрейдерлер Ассоциациясы

Дизель майынын баасы көтөрүлүшү мүмкүн - Нефтетрейдерлер Ассоциациясы

Күз айларында дизель майынын баасы кымбатташы күтүлүүдө. Мындай божомолун Кыргызстандын Нефтетрейдерлер Ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов бүгүн, 5-сентябрда «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Эшатовдун айтымында, күйүүчү май социалдык маанилүү товар болгондуктан, ал 1 сомго эле кымбаттаса, бул экономиканын башка секторундагы баалардын 5 сомго чейин көтөрүлүшүнө алып келет.

“Биз күн сайын региондордогу, ири компаниялардын ошондой эле Россиянын КММ берүүчү заводдорунун бааларына мониторинг жүргүзүп турабыз. Июнь айында заводдордо баалар тоннасына 300 долларга кескин көтөрүлүп кетти. Жыл башында дизель майы 590-600 доллар болсо, учурда тоннасын 1150-1160 доллардан сатып алып жатабыз, тагыраак айтканда, 98%га кымбаттады. Бирок белгилей кетүүчү нерсе, КРда КММга чекене баа болгону 20%га гана кымбаттады”, – деди ал.

Ошондой эле Эшатов 2020-жылдын октябрь айынан баштап эле дүйнөлүк тенденцияда байкалгандай, баалар көтөрүлүүдө.

“Бензин тобуна келсек, популярдуу АИ-92 маркасы жыл башында тоннасы 560 доллар болсо, учурда 930 долларга жетип, 65%га кымбаттады. АИ-92 маркасынын чекене баасын карай турган болсок, ал жыл башынан бери 5.5%га, 3.2 сомго көтөрүлдү.

Учурда бизди дезелдик тобундагы күйүүчү майдын баасы тынчсыздандырууда. Анткени Россиянын өзүнүн ички рыногунда дефицит байкалууда. Бул бир канча факторго байланыштуу, алардын негизгиси – ички жабдуулары чет өлкөдөн алынып келинген 3 чоң заводунда профилактикалык ремонт иштери жүрүп, алар россиялык жабдуулар менен камтууга өтүүдө. Андан тышкары, сезондук фактор да бар, учурда аларда да жыйын-терин иштери жүрүүдө.

Ошондой эле сентябрдан баштап Казакстан да белгилүү бир өлчөмдөгү күйүүчү майды Россиядан ала баштады. Ар жылы Казакстан жылдын аягында 2-3 ай күйүүчү майды Россиядан сатып алып тургандыктан, талап өсөт. Буга байланыштуу заводдор дагы өздөрүнүн баасын автоматтык түрдө көтөрүп башташат. Казакстан бир айда биздин үч айлык запасыбызды сатып алып коет. Бул албетте, дизель майынын баасына таасир этет”, – деди Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси.

Белгилей кетсек, Кыргызстан өлкөдөгү күйүүчү майдын 95%ын башка өлкөлөрдөн импорттойт.

Мындан тышкары окуңуз

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө арналган митинг-реквием болду

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө арналган митинг-реквием болду

Бишкектеги советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 37 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, ишчара Бишкек шаарындагы Ата-Түрк атындагы сейил бакта интернационалист жоокерлердин мемориалында болду. Министрликтин маалыматына ылайык, курман болгондорду эскерүүгө ардагерлер, жоокерлердин туугандары, коргоо министринин орун басары Алмазбек Кулмурзаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин коргоо

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министри Нурдан Орунтаев "Дөөлөт курулуш" компаниясынын үлүшчүлөрү менен "Кудайберген" турак жай комплексинин курулуш аянтчасында жолугушкаын Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттердин жетекчилери жана үлүшчүлөрдүн өкүлдөрү катышкан. Айрым жарандар аталган компаниядан батирлерди болжол менен төрт жыл мурда сатып алышкан. Бирок

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Учурда  "Чакан ГЭС" ААКсы ишканасынын Бишкекте 3 точкасы жана 10 кубаттоо станциясы иштеп жатканын башкы директорунун орун басары Канат Аскеев радио эфиринде билдирди. "Бизде видеокамералар орнотулган, оператор аларды тынымсыз көзөмөлдөп турат. Ошондой эле зымдарга байланыштуу же башка мыйзам бузуулар болбошу үчүн дайыма текшерүү жүргүзүлөт. Коопсуздук маселеси туруктуу

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

Экономика жана коммерция министрлигинин Кыргызстанда интернет айдыңында лотерея оюндарын мыйзамсыз уюштургандарга жаза киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору 14-февралда коомдук талкууга коюлду. Анда соңку учурда өлкөдө ар кандай онлайн платформалар, социалдык тармактар, мессенжерлер жана сайттардын жардамы менен мыйзамсыз лотерея өткөргөндөр көбөйгөнү жазылган. Интернет аркылуу мыйзамсыз лотерея жана бинардык опциондордун ишмердиги жарандардын өз