Мамлекеттин бюджетинин негизги киреше агымын КНС түзөт - 32%

Мамлекеттин бюджетинин негизги киреше агымын КНС түзөт - 32%

2022-жылдын 8 айында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 99 млрд 961.4 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.

Белгиленген план 1 млрд 445.5 млн сомго ашыгы менен аткарылган жана келип түшкөн каражаттын негизин КНС түзгөн.

Салык жана төлөмдөрдү жыйноо түзүмү: КНС – 32%, Кумтөрдөн келип түшүүлөр – 21.9%, пайда салыгы – 16%, киреше салыгы – 10.7%, акциз салыгы – 6.6%, сатуу салыгы – 4%, салыктын башка түрлөрү – 8.8%ды түзгөн.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33 млрд 829.4 млн сомго көп салык жыйналган.

Салык кызматы тарабынан башкарылуучу мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин негизги үлүшү жыйымдардын жалпы көлөмүнүн 32% өлчөмүндө кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча келип түшүүлөрдүн эсебинен камсыз кылынган.


Буга чейин Economist.kg кабарлагандай, Мамлекеттик салык кызматына 2022-жылы 155.6 млрд сом салыктарды жана 41.7 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча тапшырма коюлган.

Мындан тышкары окуңуз

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө арналган митинг-реквием болду

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө арналган митинг-реквием болду

Бишкектеги советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 37 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, ишчара Бишкек шаарындагы Ата-Түрк атындагы сейил бакта интернационалист жоокерлердин мемориалында болду. Министрликтин маалыматына ылайык, курман болгондорду эскерүүгө ардагерлер, жоокерлердин туугандары, коргоо министринин орун басары Алмазбек Кулмурзаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин коргоо

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министри Нурдан Орунтаев "Дөөлөт курулуш" компаниясынын үлүшчүлөрү менен "Кудайберген" турак жай комплексинин курулуш аянтчасында жолугушкаын Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттердин жетекчилери жана үлүшчүлөрдүн өкүлдөрү катышкан. Айрым жарандар аталган компаниядан батирлерди болжол менен төрт жыл мурда сатып алышкан. Бирок

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Учурда  "Чакан ГЭС" ААКсы ишканасынын Бишкекте 3 точкасы жана 10 кубаттоо станциясы иштеп жатканын башкы директорунун орун басары Канат Аскеев радио эфиринде билдирди. "Бизде видеокамералар орнотулган, оператор аларды тынымсыз көзөмөлдөп турат. Ошондой эле зымдарга байланыштуу же башка мыйзам бузуулар болбошу үчүн дайыма текшерүү жүргүзүлөт. Коопсуздук маселеси туруктуу

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

Экономика жана коммерция министрлигинин Кыргызстанда интернет айдыңында лотерея оюндарын мыйзамсыз уюштургандарга жаза киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору 14-февралда коомдук талкууга коюлду. Анда соңку учурда өлкөдө ар кандай онлайн платформалар, социалдык тармактар, мессенжерлер жана сайттардын жардамы менен мыйзамсыз лотерея өткөргөндөр көбөйгөнү жазылган. Интернет аркылуу мыйзамсыз лотерея жана бинардык опциондордун ишмердиги жарандардын өз