2022-жылдын биринчи жарымында КР менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү 568 млн долларга жетти
Алты айдын ичинде Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү 568 млн долларды түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 24%га өскөн. Бул тууралуу КР менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун экинчи отурумунда белгилүү болду.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
«Эки өлкөнүн президенттери эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү милдетин коюшту. Бул милдет өкмөттөр аралык кеңештин 10-отурумунун протоколунда жана мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүндө да көрсөтүлгөн”, – деди минкабдын төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев.
Жолугушуунун жыйынтыгында КР менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун 2-жыйынынын протоколуна, КРнын Экономика министрлиги менен Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга, КРнын Айыл чарба министрлиги менен Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин ортосундагы мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды жеткирүүнү уюштуруу ниети жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.