Улуттук банк биринчи жолу КФБнын соода аянтында алтын куймаларын сатыкка чыгарды

Улуттук банк биринчи жолу КФБнын соода аянтында алтын куймаларын сатыкка чыгарды

Улуттук банк биринчи жолу Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) аянтына салмагы 1 граммдан 100 граммга чейинки алтын куймаларды жана 10 килограммдан 13.4 килограммга чейинки стандарттык куймаларды сатыкка койду. Бул тууралуу КФБнын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин КФБ менен Улуттук банктын ортосунда алтын куймаларды биржада сатыкка чыгарууну уюштуруу боюнча келишимге кол коюлган. Биржа КФБ баалуу металлдарды сатуу боюнча башка биржалардын эл аралык тажрыйбасын кылдаттык менен изилдеп жана өз ишмердүүлүгүндө мындай тажрыйбаны колдонууга ниеттенип келишкенин белгиледи.

«Жакында Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти да биржада баалуу металлдарды сатыкка чыгарып баштайт. Белгилей кетсек, КРнын Улуттук банкы, Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти, коммерциялык банктар, жеке ишкерлер жана Баалуу металлдар департаментинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында катталган башка адамдар да КФБдагы сооданын катышуучусу боло алат”, – деп айтылат биржанын маалыматында.

Соода инструменттери катары Биржа 1 граммдан 1 миң граммга чейинки тазаланган алтын куймаларды, аффинаждалган стандарттуу куймаларды жана алтындын менен күмүштүн стандарттуу эмес түрүндөгү аффинаждалган баалуу металлдарды сатыкка чыгарат.


Белгилей кетсек, Улуттук банк 1-февралдан тартып, атамекендик өндүрүштүн алтын куймаларын сатыкка чыгарып баштаган. Аффинаждалган алтын куймалары «Кыргызалтын» ААК тарабынан 10 900 граммдан 13 400 граммга чейинки салмакта даярдалган жана куйманын лигатурдук салмагынын кеминде 99.95%ын химиялык таза металл түзөт.

Кошумча окуңуз

Улуттук банк 12 кг алтын куймаларын сатып баштады. Бир куймасы канча турат?

Жыл башынан бери кыргызстандыктар Улуттук банктан дээрлик 223 кг алтын сатып алышты

Мындан тышкары окуңуз

"Ала-Арча" жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоо жакшырууда

"Ала-Арча" жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоо жакшырууда

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунан билдиришти. Буга чейин "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын Бишкек электр тармактары ишканасынын адистери "Байтик" көмөкчордонунан чыгуучу 10 кВ аба

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суусамыр – Талас – Тараз автомобиль жолунун IV фазасында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда 104,6 –197,6-чакырымдар аралыгындагы жолду оңдоо иштери уланууда.  Долбоордун алкагында жол

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаң" шахтасынын аймагында узундугу 8,5 чакырымды түзгөн айланма жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКсынан билдиришти. Учурда "Флюра-ТЕХ" компаниясынын адистери жолдун негизин даярдоо жана жер иштерин жүргүзүүдө. Анын алкагында жараксыз топурак алмаштырылып, өсүмдүк катмары тазаланып, таш төшөө жана жолдун негизин

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

2026-жылдын жарым жылында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулуп келген акчанын таза агымы былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 6%га азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы маалымдады. Адистин айтымында, акча котруулардын агымынын азайышына жакынкы чыгыштагы жагдай таасир этүүдө.    “Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча акча