Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ИДПсы быйыл 4.3%, келерки жылы 4.9%га өсөт - ЕРӨБдүн божомолу

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ИДПсы быйыл 4.3%, келерки жылы 4.9%га өсөт - ЕРӨБдүн божомолу

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ИДПсы 2022-жылы 4.3%, 2023-жылы 4.9%га өсөт. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) жаз мезгилиндеги божомолун кайрадан карап чыкты. Бул тууралуу банктын “Аймактык экономикалык келечек” деп аталган жаңы баяндамасында айтылат.

Докладда Борбор Азиянын көпчүлүк өлкөлөрүнүн экономикасы Россиянын Украинадагы согушунан улам келип чыккан геосаясий кырдаалга туруктуулук көрсөтүп жатканы белгиленген.

Казакстан жана Түркмөнстан сыяктуу Борбор Азия мамлекеттери азыр мунай менен газдын кымбатташы жана экспорттун көлөмүнүн өсүшүнүн аркасында рекорддук кирешеге ээ болууда. Эмгек мигранттарынын кызматына суроо-талап кескин өсүп жаткан Россиядан Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанга олуттуу акча которуулар уланууда. Региондо ошондой эле реалдуу эмгек акынын жана мамлекеттик кирешелердин абдан тез өсүшү байкалууда.

«Россиянын чарбалары эл аралык төлөм карталарын бул өлкөлөрдөн алууга жана чет элдик валютадагы аманаттарын ошол жерге жайгаштырууга умтулуп жатканы Борбор Азиянын көптөгөн мамлекеттерине пайдалуу болууда. Беларустун, Россиянын жана Украинанын миңдеген орус тилдүүлөрү өз бизнестерин Борбор Азияга көчүрүп жатышат жана алар “санариптик көчмөндөрдү”, IT кызматтарынын экспорттоочуларын тартуу үчүн түзүлгөн Өзбекстандын IT-паркы сыяктуу атайын экономикалык зоналарды пайдаланышууда”, – деп айтылат маалыматта.

Натыйжада, борбор шаарларда кыймылсыз мүлк, мейманкана бизнеси жана коомдук тамактануу сектору жигердүү өнүгүп жатат.

Ошондой эле ЕРӨБ Казакстан жана Кыргызстан сыяктуу региондук экономикалар Россияга компьютерлерди, тиричилик техникасын жана электрониканы, авто тетиктерин, электроникалык тетиктерди реэкспорттоодон пайда көрүп жатышканын, бул негизинен чакан масштабдагы чакан соода жүргүзгөндөргө тийиштүү экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда бензиндин баасын туруктуу кармоо үчүн 956 млн сом бөлүндү

Кыргызстанда бензиндин баасын туруктуу кармоо үчүн 956 млн сом бөлүндү

Кыргызстанда бензиндин чекене баасын туруктуу кармоо үчүн мунай ташуучу компанияларга 956 млн 139 миң сом мамлекеттик субсидия бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселеси талкууланган жыйында билдирди. Маалыматка ылайык, субсидия күйүүчү-майлоочу материалдардын иш жүзүндөгү наркы менен чекене баасынын ортосундагы

Котур-Каманда 21,7 млн сомдук спорт залдын курулушу аяктап калды

Котур-Каманда 21,7 млн сомдук спорт залдын курулушу аяктап калды

Манас шаарына караштуу Т. Тайгараев аймактык башкармалыгынын Котур-Каман айылында заманбап спорт залдын курулушу дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоорго жергиликтүү казынадан 21 млн 792 миң сом бөлүнгөн. Учурда имаратта акыркы курулуш иштери жүрүп, керектүү жабдуулар менен камсыздалып жатат. Белгиленгендей, жаңы спорттук

Токтогулда төрт социалдык объект курулууда

Токтогулда төрт социалдык объект курулууда

Токтогул шаарында балдар реабилитациялык борбору жана оорукананын 100 орундуу кошумча имараты курулуп жатат. Объектилер пайдаланууга берилгенден кийин медициналык жана реабилитациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгү кеңейет. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Таласбай кичи районунда 750 орундуу жаңы мектеп да курулууда. Учурда курулуш иштеринин 75%ы аткарылды. Жаңы билим берүү мекемесинде окуучулар үчүн

Чүйдө шамалдан чатыры бузулган мектепке 2,2 млн сомдон ашык кенемте төлөндү

Чүйдө шамалдан чатыры бузулган мектепке 2,2 млн сомдон ашык кенемте төлөндү

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айылында жайгашкан Жусуп Абдрахманов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин чатыры катуу шамалдан улам эки ирет жабыркаган. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, жалпы чыгымдар каралып чыккан соң, мектепке 2 миллион 211 миң 220 сом өлчөмүндө камсыздандыруу каражаты бөлүндү. Белгиленгендей, аталган каражат мектептин чатырын