Жыл сайын темир сатып алууга миллиондогон доллар кетет - президент Кыргызстанда заводдорду курууга чакырды

Жыл сайын темир сатып алууга миллиондогон доллар кетет - президент Кыргызстанда заводдорду курууга чакырды

Президент Садыр Жапаров өкмөт Кыргызстанда руданы казуудан баштап, металл буюмдарын чыгарууга чейин толук кандуу металлургиялык өндүрүш чынжырын түзүүгө ниеттенип жатканын айтты.

Жапаров бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан биринчи элдик курултайда билдирди. Президенттин айтымында, келечекте өкмөт сырттан металл сатып албастан, өзүнүн темир кендерин пайдаланып, темир рудасын кайра иштеткен жана темир буюмдарды чыгарган заманбап заводдорду курууну көздөп жатат.

“Миллиондогон акчабыз жыл сайын темир сатып алуу үчүн эле өлкөдөн чыгып кетет. Бул каражатка темир рудасын кайра иштетүүчү заманбап завод кура алсак, анда өлкөбүздөн ири каражаттардын агып кетүүсүн токтотуп эле тим болбостон, экспортко чыгарып, мамлекеттин казынасына киреше алып келебиз», – деди Жапаров.

Курула турган металлургиялык заводдордун продукциясын экспортко гана чыгарбай, ошондой эле өлкөнүн ичинде — темир жолдорду, гидроэлектростанцияларды курууда жана башка курулуштар үчүн пайдалануу сунуш кылынууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 400гө жакын лифттин кызмат мөөнөтү эбак өтүп кеткен – Р.Алиев

Бишкекте 400гө жакын лифттин кызмат мөөнөтү эбак өтүп кеткен – Р.Алиев

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясы 8-апрелде Аламедин-1 кичи районундагы кооперативдердин өкүлдөрүнүн кайрылуусун карады. Кайрылуу көп кабаттуу үйлөрдөгү лифт жабдууларынын абдан эскиришине байланыштуу болгон. 10 үйдүн кызыкчылыгын коргогон Татьяна Горкинанын айтымында, 1979-жылы пайдаланууга берилген үйлөрдөгү лифттер 25 жылдык нормативдик мөөнөтүнө карабастан,

“Манас Ордо” реконструкциядан кийин күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл алат

“Манас Ордо” реконструкциядан кийин күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл алат

Талас облусундагы “Манас Ордо” улуттук комплексинде реконструкция жана курулуш иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, облус башчысы Эрмат Жумаев курулуш иштеринин жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүп, сапатка өзгөчө көңүл буруу жана иштерди ыкчамдатуу зарылдыгын белгиледи. Учурда “Манас Ордо” комплексинин жалпы аянты 225 гектарды түзөт. Жаңы долбоорго ылайык, музейдин аянты

Кыргызстанда жетимдерге 88 жер тилкеси, 9 турак жай берилген

Кыргызстанда жетимдерге 88 жер тилкеси, 9 турак жай берилген

Кыргызстанда жетим балдардын олуттуу бөлүгү мыйзам талаптарына карабастан турак жайсыз калып жатканын Салтанат Аманова 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Турак жай кодексине ылайык, 16 жаштан 23 жашка чейинки жетимдер турак жай же жер тилкелери менен камсыз болушу керек. Бирок иш жүзүндө бул нормалар жетиштүү деңгээлде аткарылбай жатат. "

Башкы прокуратура бир жылда бизнес укуктары боюнча 577 мыйзам бузуу аныктап, 2 кылмыш ишин козгогон

Башкы прокуратура бир жылда бизнес укуктары боюнча 577 мыйзам бузуу аныктап, 2 кылмыш ишин козгогон

Башкы прокурор Максат Асаналиев 2026-жылдын 8-апрелинде Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында 2025-жылга карата ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгын билдирди. Анын айтымында, отчеттук мезгилде прокуратура органдары бизнес укуктарын сактоо боюнча 233 текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада 577 мыйзам бузуу аныкталган. Аларды жоюу үчүн 347 прокурордук чара көрүү актылары киргизилген. Жыйынтыгында 136 кызмат