Кыргызстандын өнөр жайы 14.3% өстү – бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң жакшы көрсөткүч

Кыргызстандын өнөр жайы 14.3% өстү – бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң жакшы көрсөткүч

2022-жылы Кыргызстандын өнөр жай өндүрүшү 14.3%га өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев билдирди.

Касымалиев ЕАЭБ өнөктөш өлкөлөрүнүн арасындагы өндүрүштүн көлөмүн салыштырды. Алсак, Арменияда өнөр жай өндүрүшү 9.9%, Казакстанда 1.4%, Россияда 0.1% өскөн. Белоруссияда 5.9%га төмөндөө байкалган.

Белгилей кетсек, ЕАЭБтин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2022-жылдын январь-октябрь айларында 1.3 трлн долларды түзгөн.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда январь-ноябрь айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү Кумтөрдүн эсебинен өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14%га өсүп, 383 млрд 209 млн сомду түздү.

Кумтөр кенин иштетүүнү эсепке албаганда, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 226.1 млрд сом деңгээлинде гана катталып, өсүү темпи 3.9%ды гана түзгөн.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январь-ноябрында 383 млрд сомдон ашты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда QR төлөм жүгүртүүсү бир жылда 10 эсеге көбөйгөн

Кыргызстанда QR төлөм жүгүртүүсү бир жылда 10 эсеге көбөйгөн

Кыргызстанда QR-төлөмдөрдүн жүгүртүүсү рекорддук көрсөткүчкө жеткенин Улуттук банк билдирди. Жөнгө салуучунун маалыматына ылайык, 2025-жылы соода жана тейлөө ишканаларында 114,1 миң QR-код орнотулган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 95,3%га көп. Негизги оператор аркылуу бир жыл ичинде 908,6 млрд сом суммасында 525,1 млн транзакция жүргүзүлгөн. 2024-жылга салыштырмалуу операциялардын саны

Акыркы 5 жылда бюджет мүмкүнчүлүктөрү 3,5 эсеге кеңейди

Акыркы 5 жылда бюджет мүмкүнчүлүктөрү 3,5 эсеге кеңейди

2021-2025-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын консолидацияланган бюджетинин ресурстары туруктуу өсүштү көрсөттү. Тактап айтканда, көрсөткүчтөр 313,1 млрд сомдон 1 101,4 млрд сомго чейин көбөйүп, беш жыл ичинде 3,5 эсеге өстү. Бул фискалдык саясаттын натыйжалуулугун жана мамлекеттик киреше булактарынын олуттуу кеңейгенин тастыктайт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматтарга ылайык, мамлекеттик

АКШ   Бириккен улуттар уюмуна дээрлик 4 млрд доллар карыз

АКШ Бириккен улуттар уюмуна дээрлик 4 млрд доллар карыз

БУУ Американын дээрлик 4 млрд доллар карызынын канча бөлүгүн Трамптын администрациясы төлөй турганын жана ал качан берилерин тактоону күтүп жатканын билдирди деп маалымдайт Kazinform. Өткөн жумада БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш уюмдун финансылык эрежелери өзгөртүлбөсө же 193 мүчө мамлекет өз мүчөлүк акыларын төлөбөсө, БУУ жакын арада финансылык кризиске кабыларын эскертти.

Өлкө аймагында жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө

Өлкө аймагында жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, унаа жолдорунда тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. “Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жана жол тазалоо жумуштары аткарылууда. 2026-жылдын 11-февралы, саат 17:00гө карата айрым ашууларда бороон болуп,