Кыргызстандагы эң алдыңкы 10 МЖӨ долбоору

Кыргызстандагы эң алдыңкы 10 МЖӨ долбоору

2015-жылдан бери мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) системасы мамлекеттик инфраструктуралык долбоорлорго ири көлөмдөгү инвестицияларды тартууда. 2023-жылы өлкөдө МЖӨ боюнча 41 долбоор ишке ашмакчы. Долбоорлорду даярдоону каржылоо фондунун бюджети 4 млн долларды түзөт. Төмөндө Economist.kg МЖӨ борбору менен биргеликте өлкө үчүн эң маанилүү он долбоор тууралуу сөз кылат.

1. Кубаттуулугу 300 МВт болгон каркастуу бийик күн электр станцияларын куруу – 275 млн доллар.

  • Тармак: Энергетика
  • Мамлекеттик өнөктөш: Жаратылыш ресурстар министрлиги
  • Келишимдин мөөнөтү: 25 жыл
  • Аткаруучу: «Бишкек Солар» (Кыргызстан).

Биринчи күн электр станциясы Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылында курулууда. Долбоордун инвесторлору Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) жана россиялык «Юнигрин энерджи» компаниясы болуп саналат. Инвестор катары Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ), россиялык Газпромбанк жана Сбербанк сыяктуу башка уюмдар да тартылган. Аталган күн станциясы жылына 600 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрө алат. Бул 140 млн кубометрден ашык жаратылыш газын пайдалануу менен барабар.

2. Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ кызматын уюштуруу – 12 млн доллар.

  • Тармак: Саламаттыкты сактоо
  • Мамлекеттик өнөктөш: Саламаттык сактоо министрлиги
  • Келишимдин мөөнөтү: 10 жыл
  • Ишке ашыруучу: Fresenius Medical Care Deutschland (Германия).

Эки эл аралык тагыраак айтканда, Германиянын Fresenius Medical Care жана Индиянын Nephro Plus компаниялары алдын ала квалификациядан өтүшкөн. Тендердик комиссиянын баалоосунун жыйынтыгы боюнча 2017-жылдын 14-июнунда Германиялык компания жеңүүчү деп табылган. Ошондон бери бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптар үчүн төрт борбор ачылып, иштеп жатат, анын экөө Бишкек шаарында жайгашкан.

3. КРнын саламаттык сактоо уюмдарына компьютердик томографтарды орнотуу — 5 млн доллар.

  • Тармак: Саламаттыкты сактоо
  • Мамлекеттик өнөктөш: Саламаттык сактоо министрлиги
  • Келишимдин мөөнөтү: 15 жыл
  • Аткаруучу: Afey Holding (Кытай).

2023-жылдын март айынын аягында КММАнын диагностикалык борборунда биринчи компьютердик томография борбору ачылган. МЖӨ борборунун маалыматы боюнча, жалпысынан мындай алты борбор түзүлөт: Бишкекте экөө, Балыкчы, Токтогул, Кадамжай жана Өзгөн райондорунда бирден. Долбоор жаңы КТ аппараттарын орнотууну гана эмес, техникалык жактан эскирген жабдууларды модернизациялоону жана бейтаптарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууну да камтыйт.

4. Новопокровка айылындагы «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын өндүрүштүк базасын реконструкциялоо жана модернизациялоо — 1 млн доллар.

  • Тармак: Энергетика
  • Мамлекеттик өнөктөш: Энергетика министрлиги
  • Келишимдин мөөнөтү: 49 жыл
  • Ишке ашыруучу: «Глобал карго» (Кыргызстан).

Бул жерде 85 млн сомдук инвестиция менен кийим тигүү жана сактоочу жайлар уюштурулат. Бул долбоор ишке ашса 80ге жакын адамга жумуш оруну түзүлөт, ошондой эле сапаттуу кампа кызматтары пайда болмокчу.  

5. Бишкектин коомдук транспортунда электрондук эсеп — 731 миң доллар

  • Тармак: Транспорт
  • Мамлекеттик өнөктөш: Бишкек мэриясы
  • Келишимдин мөөнөтү: 5 жыл
  • Ишке ашыруучу: BPC AG (Швейцария).

Долбоор ишке ашырылды. Ушул тапта коомдук транспортто жүрүү үчүн толук накталай эмес төлөмгө өтүү зарыл.

6. Чыгыш автобекетинин филиалын реконструкциялоо жана модернизациялоо 600 миң доллар

  • Тармак: Муниципалдык инфраструктура
  • Мамлекеттик өнөктөш: "Кыргыз Автобекети"
  • Келишимдин мөөнөтү: 28 жыл
  • Аткаруучу: "Темир Ай" (Кыргызстан).

Бул долбоор маанилүү инфраструктуралык объектти сактап калуу максатында Бишкек шаарынын Чыгыш автобекетинин инфраструктурасын өнүктүрүү жана модернизациялоону карайт. Жүргүнчүлөр жана автобекеттин кызматын пайдалануучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу болуп эсептелет.

7. Ысык-Көлдө илимий-өндүрүштүк мөмө-жемиш питомнигин түзүү — 450 миң доллар

  • Тармак: Айыл чарбасы
  • Мамлекеттик өнөктөш: КРнын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти
  • Келишимдин мөөнөтү: 25 жыл
  • Ишке ашыруучу: «Элеонора плюс»  (Кыргызстан).

Бул МЖӨ долбоору жаңы заманбап сортторду биздин шарттарда сынап көрүү, агротехнологиялык паркты жана окуу борборун, мөмө-жемиш питомнигин (алма, алмурут, алча, кара өрүк, карагат) түзүү жана 20 гектар жерге мөмө бакчасын тигүүнү карайт.

8. «Кызыл Кыргызстан» кинотеатрын реконструкциялоо – 420 миң доллар

  • Тармак: Маданият
  • Мамлекеттик өнөктөш: Маданият министрлиги
  • Келишимдин мөөнөтү: 49 жыл
  • Ишке ашыруучу: «Бурана гранд» жана ADS Group Corpation.

2019-жылы бул кинотеатрды реконструкциялоо чечими кабыл алынган. Долбоор 2-кабатында интеграцияланган кинотеатры бар 19 кабаттуу Бурана Гранд комплексин курууну камтыйт. Кинотеатр 100 орунга ылайыкташтырылган жана 10 метрге чейинки экраны ар түрдүү аянтчага ылайыкталган. Реконструкциялоо иштери аяктагандан кийин кинотеатрдын мүлк комплекси Кинематография департаментине кайтарымсыз негизде өткөрүлүп берилет.

9. Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунун спорттук күрөш залынын курулушу – 400 миң доллар

  • Тармак: Спорт
  • Мамлекеттик өнөктөш: Спорттук курулуштар жана спорттук камсыздоо мамлекеттик администрациясы
  • Келишимдин мөөнөтү: 25 жыл
  • Ишке ашыруучу: «Гермес логистик» (Кыргызстан).

Долбоордун алкагында заманбап талаптарга жана стандарттарга жооп берген жаңы спорттук күрөш залын ачуу каралган. Ошондой эле республикалык деңгээлде күрөш боюнча мелдештерди жана чемпионаттарды өткөрүүнү камсыз кылат.

10. Кант шаарынын спорттук-эс алуу комплексиндеги оюн жана кышкы спорттун түрлөрү боюнча балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин бассейнин оңдоо — 180 миң доллар.

  • Тармак: Спорт
  • Мамлекеттик өнөктөш: Оюндар жана кышкы спорт боюнча балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби
  • Келишимдин мөөнөтү: 15 жыл
  • Ишке ашыруучу: жеке ишкер Евсеенко Роман Александрович (Кыргызстан).

Долбоордун алкагында жеке өнөктөш имараттын эки бассейн жайгашкан бөлүгүн, анын ичинде бардык душтарды, кийим алмаштыруучу жайларды жана башка жайларды оңдоону пландаштырууда. Бассейн заманбап жылытуу системасы жана тазалоочу жабдуулар менен камсыздалмакчы.

Мындан тышкары окуңуз

Өлүмгө чейин жеткирген "Алдамчылык" фактысы боюнча жаран кармалды

Өлүмгө чейин жеткирген "Алдамчылык" фактысы боюнча жаран кармалды

Жумгал районунда "Опузалап талап кылуу" жана "Алдамчылык" фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран колго түштү. Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматынан кабарлагандай, буга чейин Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну, 1998-жылы туулган жаран өз үйүнүн короосундагы сарайда асынып каза болгон факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги 10-мартта Евразия экономикалык комиссиясына расмий кайрылуу жолдогону ЕАЭБ порталында жарыяланган. Россия тараптын пикиринде, Кыргызстанда айыл чарба балыктары үчүн тоюттарга карата кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча артыкчылыктуу шарт түзүлгөн. Тактап айтканда, жергиликтүү өндүрүштөгү тоюттар үчүн башка ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген продукцияга салыштырмалуу жеңилдик берилген деп эсептелүүдө. Маалыматка ылайык,

Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакожоев дайындалды

Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакожоев дайындалды

Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакжоев  дайындалды. Ж.Субакожоев буга чейин Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат районунун акими болуп иштеген. Эске салсак, Шопоков шаарынын мэринин милдетин Абдимиталип уулу Абдинасир аткарып келе жаткан. Шопоков шаары Сокулук районуна караштуу. Шаар башчысы Сокулук районунун акимине баш ийет.

КабМин жаңы салыктык реформаны даярдап жатат. Эмне өзгөрөт?

КабМин жаңы салыктык реформаны даярдап жатат. Эмне өзгөрөт?

Министрлер Кабинети салык системасын реформалоо боюнча жаңы токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ салыктык башкарууну түп-тамырынан өзгөртүп, көзөмөлдү күчөтүүнү, санариптештирүүнү жана салык органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү карайт. Негизги өзгөрүүлөр кайсылар? Видео көзөмөл (камералар) Ишкерлер салык органдарына видеобайкоо системаларына жеткиликтүүлүк берүүгө милдеттендирилиши мүмкүн. Эгер камералар жок болсо, текшерүүчүлөр аларды өздөрү орнотушат.