Кыргызстанда пенсияларды каржылоо көлөмү 96,1 миллиард сомду түздү

Кыргызстанда пенсияларды каржылоо көлөмү 96,1 миллиард сомду түздү

Алдын ала маалыматтарга ылайык, быйылкы жылдын январь–ноябрь айларында Кыргызстанда пенсияларды каржылоо көлөмү 96,1 миллиард сом болду. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,8 миллиард сомго көп.

Пенсиялар боюнча жалпы төлөмдөр да кыйла өскөн — 82,2 миллиард сом пенсияларды төлөөгө багытталган.

Каражаттардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарына багытталган — 17,9 млрд сом (+3,7 млрд).

Ош облусуна — 16,7 млрд сом (+2 млрд),

Жалал-Абад облусуна — 16,5 млрд сом (+2,4 млрд),

Чүй облусуна — 12,7 млрд сом,

Ысык-Көл облусуна — 8,6 млрд сом,

Баткен облусу — 8,2 млрд сом,

Нарын облусуна — 7,2 млрд сом,

Талас облусуна — 3,9 млрд сом,

Ош шаарына — 4,4 млрд сом.

Жогоруда цифралар көрсөтүп тургандай, Кыргызстанда пенсияларды каржылоо жана төлөмдөрдүн көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу бир кыйла жогорулаган. 

Мындан тышкары окуңуз

Караколдо мейманкананын курулушу боюнча 200 миң сом айып пул салынды

Караколдо мейманкананын курулушу боюнча 200 миң сом айып пул салынды

Каракол шаарынын Масалиев көчөсү 122 дарегинде курулуп жаткан 12 кабаттуу мейманкананын курулушунда мыйзам талаптары бузулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан курулуп жаткан объектилерге туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Кезектеги

Пенсиялык топтоолорду кандай учурда пайдаланууга болот?

Пенсиялык топтоолорду кандай учурда пайдаланууга болот?

Кыргызстанда жарандар пенсиялык топтоо каражаттарын айрым социалдык маанилүү максаттарга пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул боюнча акыркы өзгөртүүлөр 2026-жылдын 24-апрелинен тартып күчүнө кирген. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, КРнын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында пенсиялык топтоо каражаттарын төмөнкүдөй учурларда пайдалануу мүмкүндүгү каралган: 1.       Пенсия курагына жеткен

Чолпон-Атадагы кеңешмеде өлкөдөгү негизги маселелер талкууланды

Чолпон-Атадагы кеңешмеде өлкөдөгү негизги маселелер талкууланды

30-июнда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Жолугушууда мамлекет башчы айыл башчыларына муниципалдык кызматчы макамын берүү боюнча мыйзам кабыл алынганын, ошондой эле президенттин облустардагы өкүлдөрүн, акимдерди жана мэрлерди жылына кеминде эки

Чакан жана орто ишкердикти колдоо программасы бекитилди

Чакан жана орто ишкердикти колдоо программасы бекитилди

Министрлер кабинети "2030-жылга чейин Кыргызстандын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтом кабыл алды. Ага ылайык, программаны жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттер планы, мониторинг жана баалоо көрсөткүчтөрүнүн матрицасы, ошондой эле бюджеттик бөлүгү бекитилди. Белгиленгендей, программанын негизги максаты — 2030-жылга карата кошумча наркты жогорулатуу,