Финкөзөмөл мыйзамсыз лотерея тараткан платформалардын тизмесин жарыялады

Финкөзөмөл мыйзамсыз лотерея тараткан платформалардын тизмесин жарыялады

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) интернет тармагында тараган мыйзамсыз лотереялык схемаларды аныктоо жана бөгөт коюу иштерин улантууда.

Финкөзөмөлдүн маалыматына караганда, мыйзамсыз лотереялар “оюн” деген ат менен жамынып, автоунаа, акчалай каражат жана башка баалуу сыйлыктарды убада кылуу аркылуу жарандарды алдоого аракет кылышат. Бул мыйзам бузуу менен катар, адамдардын финансылык коопсуздугуна да коркунуч жаратат.

Финкөзөмөл мониторинг жүргүзүү учурунда төмөнкү интернет-платформалар мыйзамсыз лотереяларды таратып жатканын аныктады:

“Dasmia” фитнес-клубу
“Бишкек Парк” соода борбору
“Миллион ТВ” YouTube каналы
“Тулпар ТВ” YouTube каналы
“Аселден Белек” YouTube каналы
“Мээрим ТВ” YouTube каналы

Мыйзамсыз лотереялардын негизги белгилери — уруксаттын жоктугу, акча которууну талап кылуу, расмий эрежелердин болбошу жана негизсиз ири байгелерди убада кылуу. Финкөзөмөл жарандарды шектүү онлайн-лотереяларга жеке маалыматтарын же акча каражаттарын бербөөгө чакырат.

Шектүү учурлар байкалганда Финкөзөмөлгө же укук коргоо органдарына дароо билдирүү сунушталат. Лотереянын мыйзамдуу экенин текшерүү, расмий тизмелерден карап чыгуу жана өтө пайдалуу көрүнгөн сунуштардан алыс болуу да коопсуздукту камсыз кылат.

Финкөзөмөл мыйзамсыз схемаларга катышуу да жоопкерчиликке алып келерин эскертет.

Байланыш:
Тел.: 96‑13‑04, 66‑45‑13
E-mail: fsa@fsa.gov.kg
Сайт: www.fsa.gov.kg

Мындан тышкары окуңуз

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media
Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат. Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

15-октябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин айрым аймактарда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта болот: Балтагулов - Юдахин - Алтымышев - Бакаев - Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн батыш тарабы. Маалыматка ылайык, диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Суу

Ишкер Media