Кыргызстанда электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча долбоорду ишке кирди

Кыргызстанда электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча долбоорду ишке кирди

Салык кызматы Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын ортосундагы автомобиль жана темир жолдук жүк ташууларында электрондук навигациялык пломбаларды колдонууну караган пилоттук долбоорду ишке киргизди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Бул пилоттук долбоор 2023-жылдын 1-сентябрына чейин уланат. Электрондук навигациялык пломбаны колдонуу чек арада контролдук-текшерүү иш-чараларын минималдаштырууга мүмкүндүк берет, бул жүктөрдү өткөрүү процессин тездетет, ошондой эле товарлардын контрабандасына каршы ишенимдүү бөгөт болот.

«Пилоттук долбоордун жүрүшүндө Кыргызстан аймагынан Казакстанга жана Россияга товар менен бара жаткан транспорт каражатына «Ак-Тилек авто жолу» жана «Чалдыбар автожолу» контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жайгашкан Салык кызматынын товарларды эсепке алуу пунктунун кызматкерлеринин катышуусунда Улуттук оператор тарабынан электрондук навигациялык пломба коюлат. Электрондук навигациялык пломбаларды алып салуу Казакстан жана Россия тарабынан аныкталган жерлерде жүргүзүлөт», - деп мекеме түшүндүрдү.

Ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде жүзгүзүлөт.

Read more

Жерүйдө калдык сактоочу жайдын экинчи этабынын  курулушу текшерилди

Жерүйдө калдык сактоочу жайдын экинчи этабынын курулушу текшерилди

Талас облусундагы Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясынын чакыруусу менен облустагы жарандык активисттерден түзүлгөн Элдик комиссиянын өкүлдөрү кенге барышты. Аталган комиссия буга чейин дагы бир нече жолу кендин иши менен таанышып, көзөмөл жүргүзүп келишкен. Бул ирээт кендин аймагындагы калдык сактоочу жайдын экинчи баскычынын курулуш иштеринин аякташы менен таанышуу болду. Бул

Талас облусунда таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Долбоорду «Альянс Алтын» компаниясы колдоду

Талас облусунда таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Долбоорду «Альянс Алтын» компаниясы колдоду

Талас облусунун Шумкар-Уя айыл өкмөтүндө таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Бул тууралуу Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынан билдиришти. Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн аймагында аянты 1,5 гектарды түзгөн «Шумкар» ишканасы курулган. Жергиликтүү бийлик ишкана аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга жардам берип, күнүнө 10-15 тонна таштандыны кайра иштетет деген ишенимде. Айыл өкмөтүнүн

«Альянс Алтын» мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча рекорд койду

«Альянс Алтын» мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча рекорд койду

«Альянс Алтын» компаниясы 2024-жылдын башынан бери 7.48 млрд сом төлөп, мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча жаңы рекорд койду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Тоо-кен компаниясында белгиленгендей, 2023-жылы «Альянс Алтын» рекорддук көрсөткүчтү 4,4 тонна алтын өндүргөн, бул өткөн жылдардагы көрсөткүчтөрдөн бир топ жогору. Ошол эле учурда салык

Жыл башынан бери «Альянс Алтындын» салык төлөмдөрү 6.2 млрд сомду түздү

Жыл башынан бери «Альянс Алтындын» салык төлөмдөрү 6.2 млрд сомду түздү

2024-жылдын январь-сентябрь айларында Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» кен казуучу компаниясы бюджетти дээрлик 6.2 млрд сомго толуктаган. Сентябрь айында салык төлөмдөрү 767 млн сомдон ашты. Бул тууралуу компания Economist.kgге билдирди. «Альянс Алтын» белгилегендей, алтынды сатуудан түшкөн салык отчеттук мезгилде дээрлик 5 млрд сомго жеткен. Ал эми сентябрь