Кыргызстандын аэропортторунун базасында комплекстүү бонд аймактары ачылат

Кыргызстандын аэропортторунун базасында комплекстүү бонд аймактары ачылат

Кыргызстандын аэропортторунун базасында комплекстүү бонд аймактары ачылат. Бул тууралуу «МЭА» ААК башкы башкармалыгын төрагасы Манас Самидинов эл аралык электрондук коммерция форумунда айтып берди.

Такталгандай, кеп аэропорттордо комплекстүү бонд зоналарын ачууну пландаштыруу жөнүндө болууда – бул биринчи кезекте «Манас» эл аралык аэропортунда, ал эми келечекте «Ош», «Ысык-Көл» жана «Каракол» эл аралык аэропортторунда ачууну максат кылууда.

«МЭА» ААК динамикалуу өнүгүп келе жаткан компания, анын максаты региондук жана эл аралык рынокто авиациялык кызматтарды көрсөтүүдө лидер катары консолидациялоо.

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча «МЭА» ААК өндүрүштүк көрсөткүчтөрү төмөндөгүлөрдү түздү:

• каттамдардын саны: 41 миңден ашык;

• жүргүнчүлөрдүн саны 5 миллиондон ашык;

• жүк ташуунун көлөмү 38 миң тонна.

«Аталган көрсөткүчтөрдүн баардыгы тынымсыз өсүүнүн жана анын натыйжасында өлкөнүн аэропорттору өнүгүп жатканын көрсөтүп турат. Каттамдардын, жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн агымынын санынын өсүү динамикасы ар кандай чөйрөлөрдө аэропорттордун инфраструктурасын өнүктүрүү стратегиясын түзүүгө мүмкүндүк берет. Учурда аймактык аэропорттордун инфраструктурасын жаңылоо жана куруу активдүү жүрүп жатат. Мисалы, «Каракол» аэропортунда учактардын бардык түрлөрүн, анын ичинде жүктөрдү да кабыл алуу үчүн учуу тилкесин узартуу иштери жүрүп жатат», - деди Самидинов.

Аэропортторубузда бонд зоналарынын ачылышы жаңы инвестицияларды тартып, өлкөбүздүн экономикалык өсүшүнө түрткү болот. Бул долбоор жаңы жумуш орундарын түзүп, ишкерлерди тартууга шарт түзүп, жалпы Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошот.

Эң негизгиси, бул интеграцияланган бонд зонасы товарды импорттоо менен гана чектелбестен, Кыргызстандан товарларды жана жүктөрдү экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүп, дүйнө жүзү боюнча экспортко жол ачарын белгилегим келет.

Интегралдык бонд зонасын түзүү – бул дагы бир жүк терминалын куруу эле эмес, бул аймактагы ири логистикалык борборду түзүүгө болгон биринчи кадамыбыз.

Мындан тышкары окуңуз

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы  14,6 млн долларга сатылды

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы 14,6 млн долларга сатылды

Дэвид Гилмор 1970–1983-жылдары Pink Floyd тобунун бардык альбомдорун жаздырууда колдонгон электрогитара 14,6 млн долларга рекорддук суммага сатылганын BBC агенттиги Christie's аукцион үйүнө шилтеме берип билдирди. "Black Stratocaster" (Кара Stratocaster) деп белгилүү болгон гитара дүйнөдө аукцион аркылуу сатылган эң кымбат гитара болуп калды. Аны ким

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Дана Агро” асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш сапардын алкагында министр чарбанын өндүрүш процесси, малдын асыл тукум курамы жана сүт өндүрүү көрсөткүчтөрү менен жеринен таанышты.

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунда жайгашкан "Таштан" асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ферманын жаңы технологиялары жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды. Маалым болгондой, жеке ишкер Вахабжан Юсуповго таандык "Таштан" дыйкан-фермерлик чарбасы 2018-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Бүгүн Кыргызстанда Аталар күнү белгиленип жатат. Бул майрамдык дата КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, мыйзам боюнча жыл сайын Аталар күнү 15-мартта жана Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембиси белгиленүүдө. Аталардын урматына бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров куттуктоо сөздөрүн жарыялады. Өз сөзүндө президент илгертеден бери кыргыз