«Альянс Алтын» компаниясы бюджетке 11.7 млрд сом төктү
Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы 2023-жылдын июнь айына карата республикалык жана жергиликтүү бюджетке 11 млрд 760 млн сом салык төлөсө, анын 8 млрд сому алтынды сатуудан түшкөн каражаттан чегерилген. Бул тууралуу компаниянын финансылык отчетунда айтылат.
«Альянс Алтын» ишканасы Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө 875.6 млн сом төлөгөн, анын ичинде:
• Талас облусун өнүктүрүү фонду – 437.8 млн сом;
• Талас районунун өнүктүрүү фонду – 262.6 млн сом;
• Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фонду – 175 млн сом.
Декабрь айына карата компанияда 839 кызматкер иштейт.