Минкаб Түштүк Кореяга Hyundai жана Kia сыяктуу заводдорун ачууну сунуштады

Минкаб Түштүк Кореяга Hyundai жана Kia сыяктуу заводдорун ачууну сунуштады

Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Түштүк Кореяга Hyundai жана Kia сыяктуу алдыңкы компанияларынын автомобиль заводдорун ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Эске салсак, Акылбек Жапаров Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Чонг У Тэк менен жолугушту. Тараптар кыргыз-корей мамилелерин мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча пикир алышты.

Жапаров ошондой эле учурда Кыргызстанга автоунаа импорттоо боюнча Корея биринчи орунда экенин кошумчалады.

Бул контекстте Минкаб төрагасы корей тарапка Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчөлүгүн эске алуу менен Кореянын Hyundai жана Kia сыяктуу алдыңкы компанияларынын автомобиль заводдорун ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Ал ошондой эле кыргыз тараптын өлкөдө гидроэнергетика, өнөр жай, тоо-кен жана текстиль өнөр жайы, мейманкана комплекстерин куруу жаатындагы ири кореялык ишканалардын жана корпорациялардын болушуна кызыкдар экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Марлен Маматалиев айлыгы 54 миң сом экенин билдирди

Марлен Маматалиев айлыгы 54 миң сом экенин билдирди

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн өткөргөн маалымат жыйынында айлыгы 54 миң сомду түзөрүн, ал эми жалпы алган каражаты 80 миң сомдун тегерегинде экенин билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин төрагасынын фондусуна жыл сайын 30 миллион сом бөлүнөт. Бул каражаттын эсебинен жарандардын жана мекемелердин кайрылууларына жардам көрсөтүлүп келет.

Бишкектеги Абсамат Масалиев көчөсү жабылат

Бишкектеги Абсамат Масалиев көчөсү жабылат

Бишкек шаарында жөө өтмөк куруу иштерине байланыштуу Абсамат Масалиев көчөсү этап-этабы менен 10–15 күнгө убактылуу жабылат. Октябрь райондук админстрациясынын маалыматына ылайык, аталган тилкеде жөө өтмөк салуу боюнча курулуш-монтаж иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу жол кыймылы убактылуу чектелип, унаалар үчүн көчө этап-этабы менен жабылат. Шаардык мэрия, Бишкек шаарынын

Насыя алгандардын саны 12,4%га көбөйдү

Насыя алгандардын саны 12,4%га көбөйдү

Кыргызстандын банк тармагында жыл башынан бери негизги финансылык көрсөткүчтөр өсүп жатат. Улуттук банктын маалыматына ылайык, 30-апрелге карата өлкөдө 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иш алып барууда. Маалыматка ылайык, акыркы төрт айда банктардын жалпы активдери 28,6% көбөйүп, 1 триллион 558 миллиард сомго жеткен. Ошондой эле кардарларга берилген

Кыргызстан менен Кытай биргелешкен долбоорлорду талкуулашты

Кыргызстан менен Кытай биргелешкен долбоорлорду талкуулашты

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон иш сапарында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Дин Сюэсян менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн лидерлери жетишкен макулдашууларды ишке ашыруу жана саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташууну мындан ары