Насыя алгандардын саны 12,4%га көбөйдү

Насыя алгандардын саны 12,4%га көбөйдү

Кыргызстандын банк тармагында жыл башынан бери негизги финансылык көрсөткүчтөр өсүп жатат. Улуттук банктын маалыматына ылайык, 30-апрелге карата өлкөдө 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иш алып барууда.

Маалыматка ылайык, акыркы төрт айда банктардын жалпы активдери 28,6% көбөйүп, 1 триллион 558 миллиард сомго жеткен. Ошондой эле кардарларга берилген насыялардын көлөмү 12,4 % өсүп, 569,8 миллиард сомду түзгөн.

Мындан тышкары, банктардагы депозиттердин көлөмү да 6,7% жогорулап, 924,1 миллиард сомго жетти. 

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Гранттар жана кредиттер

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Аргентинанын айыл чарба тармагында кызматташуусу талкууланды

900 миң сом опузалоого шектелген УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Ала-Букада көмүрдүн килограммы 7 сомдон 9 сомго чейин сатылууда

Ысык-Көлдө пансионат курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Вайс-Ситиге жетүү үчүн 6,5 саат: Кыргызстанда GTA VI оюнун жүктөп алуу канча убакытты талап кылат?