Бишкектеги Абсамат Масалиев көчөсү жабылат
Бишкек шаарында жөө өтмөк куруу иштерине байланыштуу Абсамат Масалиев көчөсү этап-этабы менен 10–15 күнгө убактылуу жабылат.
Октябрь райондук админстрациясынын маалыматына ылайык, аталган тилкеде жөө өтмөк салуу боюнча курулуш-монтаж иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу жол кыймылы убактылуу чектелип, унаалар үчүн көчө этап-этабы менен жабылат.
Шаардык мэрия, Бишкек шаарынын тургундарынан жана айдоочулардан убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну, ошондой эле каттамдарды алдын ала пландап алууну суранат.