Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик ченди (негизги ченди) 13% деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алган.

Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүү келечеги мурдагыдай эле айрыкча региондордо өзгөрмөлүү бойдон калган тышкы шарттардын таасири астында калуусу уланууда, глобалдык инфляциянын жогорку маанилерде сакталып турушуна жана дүйнөлүк финансы рынокторунда белгисиздик жагдайынын үстөмдүк кылышына байланыштуу кыска мөөнөттүү мезгилде экономикалык жагдайдын жакшыруусу кыйла консервативдүү күтүүлөр менен мүнөздөлөт.

2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын экономикасы 3,9 пайызга өсүштү көрсөткөн, мында көбүрөөк салым кызмат көрсөтүү сектору тарабынан камсыз кылынган. Экономикалык жигердүүлүк да ички суроо-талаптын кеңейиши менен колдоого алынган.  

Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баалардын төмөндөө динамикасы ички баалардын динамикасына таасирин тийгизген. 2023-жылдын июль айында (21ине карата абал боюнча) инфляция жылдык мааниде 10,3 пайызды түзгөн, мында анын түзүмүндө азык-түлүк товарларына баанын өсүшү 2022-жылдын декабрындагы 15,8 пайыз деңгээлинен жылдык мааниде 6,9 пайызга чейин төмөндөгөн. Өлкөдө жалпы баа деңгээлинин кыйла жай төмөндөшүн бир катар административдик баалардын (тарифтердин) жогорулашы жана ички суроо-талаптын туруктуу кеңейиши шарттаган. Мында акча-кредит саясаты жагында буга чейин кабыл алынган чаралардын топтолгон таасири инфляция боюнча потенциалдуу тобокелдиктерди жеңилдетүүгө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Социалдык жөлөк пул алуучуларга 10 айда 7,2 млн сом жумшалды

Социалдык жөлөк пул алуучуларга 10 айда 7,2 млн сом жумшалды

Кыргызстанда 1-ноябрга карата 108,4 миң адам ар ай сайын социалдык жөлөк пул алат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирүүсүнө таянып, “Кабар” агенттиги жөлөк пул алуучулардын саны 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (108,7 миң) 2%га азайганын жазды. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул төмөндөгү категориядагы адамдарга берилет: * 18

Эң көп жана эң аз добуш алган айым депутаттар

Эң көп жана эң аз добуш алган айым депутаттар

БШК парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыгын жарыялады. Андагы маалыматтарга ылайык, эң көп эң аз добуш топтогон айымдардын тизмесин көрүүгө болот. Добуштарды эсептөө толук аягына чыга электигине байланыштуу бул көрсөткүчтөр өзгөрүлүшү да мүмкүн. Мыйзам боюнча 30 шайлоо округунан бирден аял депутат болгондо парламентке 30 аял келиши керек.  ·       №23 округ - Элвира Сурабалдиева

Жогорку Кеңешке өткөн депутаттардын эң улуусу 69, эң кичүүсү 25 жашта

Жогорку Кеңешке өткөн депутаттардын эң улуусу 69, эң кичүүсү 25 жашта

Кыргызстан парламентине өткөн 90 депутаттын  болжолдуу түзүлгөн тизмеси боюнча VIII чакырылыштагы депуттардын эң улуусу 69 жаштагы Гүлай Машрапова болду. Ал 1956-жылы Кара-Суу районунун Большевик айылында жарык дүйнөгө келген.  Мурда Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүндө эмгектенген Г. Машрапова БШКга пенсионер катары арыз таштаган.  Жогорку Кеңеш регламентинин 8-беренесинин 2-пункту боюнча ЖК төрагасы

Саламаттык сактоо министрлигине СЧЭ боюнча ыйгарым укуктары берилет: бизнес, жарандар үчүн  эмне өзгөрөт?

Саламаттык сактоо министрлигине СЧЭ боюнча ыйгарым укуктары берилет: бизнес, жарандар үчүн  эмне өзгөрөт?

Кыргызстанда санитардык ченемдер жана эрежелер (СЧЭ) мындан ары МинКаб тарабынан бекитилбей  Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилет. Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институтунун директору Аяз Жаркынбаевдин айтымында, бул чечим бюрократиялык процедураларды жөнөкөйлөтүүгө жана нормаларды тез жаңылоого багытталган. Санитардык нормалар жана эрежелер — бул техникалык талаптарды камтыган өзүнчө нормативдик документтер.